“Хезболланын” жаңы баш катчысы Израилди жеңүүгө убада берди

Ливандык “Хезболла” кыймылынын жаңы баш катчысы Наим Касем уюмдун тарапташтарына бардык курмандыктарга карабастан Израилди жеңүүгө убада берди.

Бул тууралуу ал баш катчы кызматына шайлангандан кийин биринчи жасаган сөзүндө билдиргенин Al Mayadeen телеканалы көрсөттү.

“Бизди алдыда көптөгөн курмандыктар күтүп жатат, бирок биз жеңиш биздин союздашыбыз болоруна ишенебиз”, – деп баса белгиледи Касем.

Жаңы баш катчы ошондой эле уюмдун каза болгон лидери Хасан Насрулланын багытын улантууга убада берди.

Ал анын иш программасы Хасан Насрулланын бардык тармактарда – саясат, жихад, социалдык чөйрө, маданият боюнча программасын уланта турганын белгиледи.

“Биздин лидерибиз Насрулла тарабынан иштелип чыккан согуш планын каршылык көрсөтүү кыймылынын жетекчилиги менен бирге ишке ашырууну улантабыз. Согуш жолун улантабыз. Биз Израиль менен күн, айлар жана жылдар бою согушууга кудуреттүүбүз, согуш жеңгенге чейин уланат”,-деп кошумчалады ал.

Ошол эле учурда Касем душман согуштук аракеттерди токтото турган болсо, анда алар өздөрү ылайыктуу деп эсептеген гана шарттарда ок атышууну токтотууга макул болушарын белгиледи.

Ал жөңгө салуу боюнча кандай гана сүйлөшүүлөр болбосун, ок атышууну токтотуудан кийин гана жүргүзүлө турганын айтты.

Анын айтымында, исламдык каршылык көрсөтүү күчтөрү бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн согушпайт.

“Биз кимдир бирөөнүн атынан жана кандайдыр бир долбоор үчүн согушпайбыз. Биздин максатыбыз Ливанды коргоо, аны көз карандысыз сактап калуу, жерди бошотуу, Палестинадагы бир туугандарыбызды колдоо жана Америка менен Израилдин үстүбүздө үстөмдүк орнотуусуна жол бербөө”, – деди “Хезболланын” баш катчысы.

Белгилей кетсек, 23-сентябрда Израилдин Коргоо күчтөрү Ливандагы “Хезболла” күчтөрүнө каршы “Түндүктүн жебелери” операциясын баштап, анын жүрүшүндө кыймылдын аскердик объекттерине массалык түрдө абадан сокку урууда. 27-сентябрдагы Израилдин соккуларынын биринин натыйжасында Бейрутта “Хезболланын” баш катчысы Хасан Насрулла өлтүрүлгөн. Кыймыл анын өлүмүн тастыктап, Израилге каршылык көрсөтүүнү улантууга убада беришкен.

29-октябрда “Хезболла” Наим Касемди жаңы лидер кылып шайлаганын жарыялаган. Ал 1991-жылдан бери кыймылдын баш катчысынын орун басары болуп келген.

Комментарий жиберүү