“Талибан” атайын уруксаты жок курал сактоого тыюу салууну киргизди

Ооганстанда бийликти көзөмөлдөгөн  талип кыймылы түзгөн Ички иштер министрлиги атайын уруксатсыз курал-жарактарды жана ок-дарыларды сактоого жана алып жүрүүгө тыюу салган жарлык чыгарды.

ТАСС маалымдагандай, бул тууралуу департаменттин X (мурдагы Twitter) баракчасында жарыяланган билдирүүдө айтылат.

Текстке ылайык, жарлык «Афганистан Ислам Эмирлигинин бардык чиновниктерине, моджахеддерине, кызматкерлерине жана катардагы жарандарына ( “Талибан” колдонгон мамлекеттин аталышы – ТАССтын нотасы) тиешелүү болот. Ички иштер министрлигинен атайын лицензия алган адамдар үчүн өзгөчөлүк болот.

Комментарий жиберүү