Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын КЭДР тарабынан континенттер аралык баллистикалык ракета учурулганын ырастап, бул анын душмандарына каршы турууга чечкиндүүлүгүн көрсөтөт деп билдирди.
Бул тууралуу Түштүк Кореянын Yonhap агенттиги Түндүк Кореянын мамлекеттик маалымат каражаттарына таянуу менен кабарлады.
Агенттиктин маалыматына караганда, Ким Чен Ын континенттер аралык баллистикалык ракетанын учурулушу аны аймактагы кырдаалды курчутуп жатат деп айыптаган душмандарга каршы турууга чечкиндүүлүктү көрсөтөт деп айтты.
Ал ошондой эле КЭДРдин өлкөнүн өзөктүк потенциалын чыңдоо саясатын “эч нерсе өзгөртө албайт” деп билдирди.
“Бул сыноо ирээтиндеги учуруу – акыркы мезгилде аймактагы кырдаалды атайылап курчутуп жаткан жана биздин республиканын коопсуздугуна коркунуч келтирген душмандарга биздин каршы туруу жөндөмүбүз жөнүндө маалымат берүү максатына толук жооп берген адекваттуу аскердик аракет”,- деген Ким Чен Ындын сөзүн Кореянын борбордук маалыматтык агенттиги (ЦТАК) келтирди.
Буга чейин КЭДР болжол менен саат 7.10до (Москва убактысы боюнча 1.10) Пхеньян аймагынан Япон деңизин көздөй алыс аралыкка учуучу баллистикалык ракетасын, болжолдуу континенттер аралык баллистикалык ракетасын учурганы маалымдалган.
Буга байланыштуу Япониянын премьер-министри Сигэру Исиба улуттук коопсуздук кеңешин чакырып, азыркы учурга карата эч кандай зыян катталбаганын билдирди.
Кийинчерээк Япониянын коргоо министри Гэн Накатани КЭДР учурган ракета континенттер аралык баллистикалык ракета экенин билдирди.
Япон өкмөтүнүн маалыматы боюнча, ракетанын учуу аралыгы 1000 километр, бийиктиги 7000 километр болгон.