Ирадын Тышкы иштер министри (ТИМ) Аббас Аракчи Улуу Британиянын Тышкы иштер министри Дэвид Лэмми менен телефондон сүйлөшүүсүндө Израилди курал-жарак жана саясий жактан колдоону токтотууга чакырды.
Тараптар сүйлөшүү учурунда аймактагы акыркы абалдарды талкуулашты.
Аракчи Ирандын бир катар аскердик жана коргонуу борборлоруна каршы жасалган израилдик режимдин агрессивдүү аракеттерине карата Ирандын позициясын түшүндүрүп жатып, Ислам Республикасы өзүнүн аймактык бүтүндүгүн жана улуттук эгемендүүлүгүн эл аралык укуктун жана Бириккен Улуттар Уюмунун кабыл алынган принциптерине ылайык коргоо боюнча өзүнө таандык жана мыйзамдуу укугун ишке ашыруудан тартынбай турганын баса белгиледи.
Ал ошондой эле эл аралык коомчулуктун, өзгөчө БٍٍУУнун Коопсуздук Кеңешинин сионисттик режимдин агрессивдүү аракеттерин айыптоо үчүн токтоосуз чара көрүү зарылдыгын баса белгилеп, израилдик режимдин жетекчилерин жоопкерчиликке тартуу, Газа менен Ливандагы геноцид менен өлтүрүүнү токтотуу үчүн чукул чараларды көрүүгө чакырды.
Британиянын ТИМ башчысы өз кезегинде аймактагы чыңалууну басаңдатуу жана региондо согуштун жана туруксуздуктун жайылышына жол бербөө боюнча учурдагы аракеттердин натыйжаларына жетишүү үчүн бардык тараптардын сабырдуулукка чакырды.
Лэмми Израилдин ТИМ башчысы Исраэл Кац менен да телефондон сүйлөшкөн.
“Израилдин тышкы иштер министри жана Ирандын тышкы иштер министри менен маанилүү сүйлөшүүлөрдү өткөрдүм”, – деп жазган Лэмми Х социалдык тармактагы баракчасына.
Ал сүйлөшүүлөрдөн кийин жасаган билдирүүсүндө Улуу Британия Жакынкы Чыгыштагы деэскалацияга жана Ливан менен Газа тилкесиндеги чыр-чатактарды токтотуу аракетин улантып жатканын белгиледи.
26-октябрга караган түнү Израиль армиясы (ЦАХАЛ) Ирандын Тегеран, Хузестан жана Илам провинцияларындагы бир нече аскердик объекттерге сокку урган. Ирандын абадан коргонуу системасы ракеталардын көбүн кармап, кээ бир объекттерге чектелүү зыян келтирилген. Натыйжада Ирандын 4 жоокери каза тапкан.
Иран бийлиги Израилге жооп берүүгө даяр экенин билдирген.
Аббас Аракчи Иран Ислам Республикасы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Уставында камтылган принциптерге жана эл аралык укукка ылайык, Израилдин кылмыштуу агрессиясына тиешелүү убакта мыйзамдуу жооп кайтаруу укугун өзүнө калтырарын айткан.