Трамп мигранттарды депортациялоодо аскер күчтөрүн колдонушу мүмкүн

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп инаугурациядан кийин өзгөчө кырдаал киргизип, мыйзамсыз миграция менен кырдаалды жөнгө салуу үчүн аскер күчтөрүн колдонуу ниетин ырастады.

Трамптын өкүлү АКШнын тарыхындагы “эң ири мигранттарды чыгарууну” жарыялагандан кийин, Трамп “Чындык” социалдык тармагынын колдонуучуларынын биринин постуна “Бул чындык”,- деп жооп берген.

Маалыматка караганда, шайланган президент мыйзамсыз мигранттарды депортациялоо программасын ишке ашыруу үчүн аскер күчтөрүн колдонот жана өзгөчө кырдаал киргизет.

Буга чейин Трамп эл алдында сүйлөгөн сөзүндө инаугурациядан кийин Америка тарыхындагы мыйзамсыз мигранттарды депортациялоо боюнча эң ири операцияны ишке ашырууга ниеттенип жатканын бир нече жолу айткан.

АКШнын тарыхында 47- президент болуп шайланып келген Дональд Трапмтын бийликке келиши менен миграция кризиси АКШдагы шайлоо өнөктүгүндөгү негизги маселелердин бири болуп калды.

Бирок, 2024- жылдын экинчи жарымында АКШда мыйзамсыз миграция рекорддук көрсөткүчтү чапчыганы айтылып, Байдендин президенттиги учурунда Америка аймагына кирген мыйзамсыз мигранттардын саны 15 миллионго жеткени конгресте айтылган. Муну дүйнөлүк басылмалар жазып чыккан. Конгресстин жыйынын 7-мартта АКШнын мурдагы президенти Байдендин өкмөтү өткөргөн.

Ошол эле учурда, АКШнын чек ара кызматынын адистери четтен келгендер чек арадан 302 миң ирет мыйзамсыз өткөнүн аныкташып, бул бир ай үчүн абдан көп дешкен.

Ошондуктан мигранттарды депортациялоо боюнча эң ири операцияны өткөрөрүн бир нече жолу айткандыгынын себеби да ушунда. Трамптын инаугурациясы 2025-жылдын 20-январында болот.

Комментарий жиберүү