Нетаньяхуну камакка алуу ордери: Байден АКШ Газада болуп жаткандарды геноцид деп эсептебей турганын айтты


Эл аралык кылмыш сотунун прокурору Карим Хан Эл аралык кылмыш сотунан Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху, коргоо министри Йоав Галант жана палестиналык ХАМАС кыймылынын бир катар лидерлерин камакка алууга ордер берүүнү талап кылууда.

Анын айтымында, прокуратура Нетаньяху менен Галант “2023-жылдын 8-октябрынан бери Палестина аймагында (Газа тилкесинде) жасалган согуш кылмыштары жана адамзатка каршы кылмыштар үчүн жооптуу” деген далилдерди чогулткан.

Эл аралык кылмыш сотунун башкы прокурору ордер сурагандан кийин, дүйнөлүк лидерлер бул боюнча өз пикирлерин билдире башташты. Алардын айрымдары аны кубатташса, кээ бири сынга алды.

ТЕМА БОЮНЧА
Эксперт: Нетаньяху Иран менен эскалацияга Газадагы өз максаттарына жетпегендиктен барды
Эксперт: Нетаньяху Иран менен эскалацияга Газадагы өз максаттарына жетпегендиктен барды
17.04.2024
Нетаньяхунун реакциясы

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунун (ЭКС) башкы прокурорунун аны жана коргоо министрин камакка алууга ордер берүүнү талабын кескин түрдө четке кагып, аны “жаңы антисемитизмдин” көрүнүшү деп атады.

Нетаньяху Гаага сотунун прокурорунун “жалган” чечими Израилдин премьер-министрине жана коргоо министрине гана эмес, бүткүл Израиль мамлекетине каршы багытталганын белгиледи.

Ал ошондой эле Эл аралык кылмыш сотунун «Израилдин өзүн-өзү коргоого ажырагыс укугун бузуу» аракетине жол бербей турганын билдирди.

Ал эми Израиль премьеринин кеңсесинин кеңешчиси Дмитрий Гендельман Нетаньяху менен Галанттын камакка алынышы боюнча Эл аралык кылмыш сотунун (ICC) мүмкүн болгон чечими өлкө жетекчилигинин тышкы саясий ишмердүүлүгүнө таасирин тийгизбейт деп РИА Новости агенттиге билдирди.

Ал АКШ жана Израилдин бир катар европалык союздаштары Эл аралык кылмыш сотунун позициясын четке кагышканын баса белгилеп, бул тизме көбөйөрүн айтып, бул өлкөлөр Карим Ханга мындай аракеттердин кесепеттери менен макул эместигин ачык айтышканын билдирди.

Байдендин сыны

АКШ президенти Жо Байден Нетаньяху менен Галантты камакка алуу боюнча Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунун чечимин сынга алды.

Анын айтымында, Кошмо Штаттары Газа тилкесинде болуп жаткан окуяларды геноцид деп эсептебейт жана Эл аралык кылмыш сотунун (ЭКС) башкы прокурорунун Израиль жетекчилигине айыптоосун четке кагат.

Ак үйдөн билдиришкендей, АКШ Тель-Авивдин Газа тилкесиндеги аракеттери боюнча Эл аралык кылмыш сотунун иликтөөсүн колдобойт.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен АКШ бул чечимди “четке кагарын” айтты.

Ал эми Өкүлдөр палатасынын спикери Майк Жонсон АКШ Конгресси эгер Эл аралык кылмыш соту Нетаньяхуну камакка алууга ордер берүүнү жактырса, кандайдыр бир чараларды, анын ичинде санкцияларды колдонуу мүмкүнчүлүгүн карап жатканын белгиледи.

Ошол эле учурда Хандын өтүнүчүн Түштүк Африка президентинин администрациясы кубаттады. Ал эми Түркиянын Юстиция министрлигинин башчысы Йылмаз Тунч ЭККнын прокурорунун кайрылуусун туура, бирок кечиктирилген деп атады. Кытай Эл аралык сот объективдүү болот деген үмүтүн билдирди. Француз бийликтери бул демилгени колдошту. Бельгия Газадагы кылмыштар үчүн жооптууларды жоопко тартуу алардын статусуна карабастан жүргүзүлүшү керек деп эсептейт. Ал эми Евробиримдиктин дипломатиясынын башчысы Жозеп Боррелл ЭККнын прокурорунун чечимин эске алганын айтуу менен чектелди.

Комментарий жиберүү