Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-майда, Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчилигине барып, Иран элине көңүл айтты.
Мамлекет башчысы Ирандын элчиси Голам Хоссейн Ядегари менен жолугушту.
Садыр Жапаров көңүл айтуу китебине жазуу калтырды, анда Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан тик учактын каргашалуу кырсыкка учурашынан улам Иран Ислам Республикасынын президенти Ибрахим Раисинин жана бир катар жогорку кызмат адамдарынын курман болгондугуна байланыштуу Иран элинин аза кайгысын тең бөлүшөрүн билдирип, көңүл айтты.
1 of 5
-+
Ал Ибрахим Раисинин өз өлкөсүнүн ишенимдүү уулу болгонун, бүт өмүрүн Мекенге кызмат кылууга арнаганын белгиледи.
Садыр Жапаров Ибрахим Раисинин Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөгө жеке салымын кошконун да айтты.
Ал жерде Президент Садыр Жапаров тик учактын кыйрашынан каза болгон Ирандын президенти Ибрахим Раиси, тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдуллахиян жана аларды коштоп жүргөн башка адамдарды эскерип, гүл койду.
Ибрахим Раиси, тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиан жана башка расмий адамдарды ташыган тик учак 19-майда өлкөнүн түндүк-батышында Верзеган аймагына кулап түшкөн. 20-май күнү эртең менен Ирандын вице-президенти Мохсен Мансури президент жана анын делегациясы тик учак кырсыгынан каза болду деген маалыматты тастыктаган.
Орду толгус оор жоготууга байланыштуу 20-майда өлкө боюнча беш күндүк аза күтүү жарыяланган.
Президентти акыркы сапарга узатуу зыйнаты 23-майга белгиленген.