Ирандыктар авиакырсыктан каза тапкан өлкө президенти Ибрахим Раиси, Тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиан жана башка делегациянын мүчөлөрү менен коштошуп жатышат.
Авиакырсык 19-майда өлкөнүн түндүк-батышында Верзеган аймагында болгон. Тик учакта Раисиден жана Абдоллахияндан тышкары, Тебриз шаарынын башкы мечитинин имамы, Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору Малик Рахмати жана дагы беш киши (жансакчылар жана экипаждын мүчөлөрү) болгон. Кырсыктан эч ким тирүү калган эмес.
Орду толгус оор жоготууга байланыштуу 20-майда өлкө боюнча беш күндүк аза күтүү жарыяланган.
Аза күтүү иш-чаралары өлкө боюнча бардык шаарларда өткөрүлүп жатат.
Маркумдар менен коштошуу зыйнаты 21-майда өлкөнүн Чыгыш Азербайжан провинциясынын борбору Тебриз шаарында жана Кум шаарында болуп өттү.
Ага он миңдеген ирандыктар катышты.
Андан соң маркумдардын сөөгү борбор калаа Тегеранга жеткирилди.
Ирандын баш калаасынын миңдеген тургундары Тегерандын борборундагы “Ынкылаб” аянтына чогулуп, маркумдар менен коштошуп жатышат.
Коштошуу зыйнатына келгендер маркумдардын сүрөттөрүн көтөрүп чыгышты.
Тегерандагы тажияда жаназа намазын Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи окуду.
Иран президенти Ибрахим Раисинин сөөгү эртең, 23-майда өзү туулуп-өскөн Мешхедде жерге коюлат.
Ошол эле күнү Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахианды сөөгү Тегеранда жерге берилет.