Тегеранда авиакырсыктан каза болгон Ирандын президенти Ибрахим Раиси, Тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиан жана башка жогорку даражалуу расмий өкүлдөр менен коштошуу зыйнатына 70ке жакын өлкөдөн жогорку даражалуу чет элдик делегациялар катышууда.
Тегеран университетинде өткөн коштошуу зыйнатында Ирандын Жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи маркумдарга жаназаны өзү окуду. Ирандын борборуна коштошуу зыйнатына 68 чет өлкөнүн жогорку даражалуу өкүлдөрү анын ичинде мамлекет, өкмөт жана парламент башчылары келди.
Кыргызстандан президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев катышты.
Видеоплеер
00:00
00:51
Төрөбаев иран тарапка Кыргызстандын президентинин жана Министрлер Кабинетинин төрагасынын атынан көңүл айтты.
1 of 13
-+
Ислам Республикасынын өкмөтүнүн расмий өкүлү Али Бахадори Жахроми айрым өлкөлөрдүн лидерлери Раиси менен коштошуу зыйнатына катышуу үчүн Иранга биринчи жолу келишкенин билдирди. Алардын арасында Тунистин президенти Кайс Саид бар.
Ал эми Египеттин тышкы иштер министри Самех Шукри 1979-жылдан бери Иранга биринчи жолу барды. Ал Иран президентинин милдетин аткаруучу Мохаммад Мохбер менен жолугуп, Египеттин президентинин, өкмөтүнүн жана элинин атынан Раисинин жана аны коштоп жүргөндөрдүн каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.
Иранга президент менен коштошууга ошондой эле Сириянын президенти Башар Асад, Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе, тышкы иштер министри Илья Дарчиашвили, Армениянын премьер-министрлери Никол Пашинян, Азербайжандын өкмөт башчысы Али Асадов, Россиянын Мамлекеттик Думасынын спикери Вячеслав Володин, ошондой эле ХАМАСтын лидери Исмаил Хания, Катардын эмири Тамим ибн Хамад ибн Халифа Аль Тани жана премьер-миинстри Мухаммед бин Абдулрахман бин Жасим Аль Тани, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Ирактын премьер-министри Мохаммед Шиа аль-Судани, Пакистандын премьер-министри Мохаммад Шахбаз Шариф, Түркмөн элинин Улуттук лидери, Халк Маслахатынын Төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов, Ирактын, Алжирдин, Өзбекстандын, Казакстандын, Ливандын, Мали жана Эфиопиянын парламенттеринин төрагалары, Түркиянын жана Индиянын президенттеринин орун басарлары келишти.
Авиакырсык 19-майда өлкөнүн түндүк-батышында Верзеган аймагында болгон. Тик учакта Раисиден жана Абдоллахияндан тышкары, Тебриз шаарынын башкы мечитинин имамы, Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору Малик Рахмати жана дагы беш киши (жансакчылар жана экипаждын мүчөлөрү) болгон. Кырсыктан эч ким тирүү калган эмес.
Орду толгус оор жоготууга байланыштуу 20-майда өлкө боюнча беш күндүк аза күтүү жарыяланган.
Аза күтүү иш-чаралары өлкө боюнча бардык шаарларда өткөрүлүп жатат.
Иран президенти Ибрахим Раисинин сөөгү бүгүн, 23-майда өзү туулуп-өскөн Мешхедде жерге коюлат. Ал эми ушул эле күнү Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахианды сөөгү Тегеранда жерге берилет.