Йемендин улуттук куткаруу өкмөтүнүн премьер-министри Абдул Азиз бин Салех Хабтур Иран Ислам Республикасынын Палестинанын элине колдоо көрсөтүүдөгү маанилүү ролун белгилеп, Сана “каршылык огуна” мүчө болуу менен сыймыктанат деп билдирди.
Йемендин премьер-министри Ирандын президенти Ибрахим Раиси жана Тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиандын каза болгондугуна байланыштуу Ирандын Жогорку лидери Али Хаменеиге көңүл айтып, иран элине тилектештик билдирди.
Ал Ирандагы оор жоготууга байланыштуу 22-майда Йемендин улуттук майрамы — Йемен Республикасынын жарыяланган күнүн (Йемендин биримдик күнү) белгилөө жылдырылганын билдирди.
Ал Газанын элин колдоо максатында Йемендин куралдуу күчтөрү Кызыл деңизде жана Оман деңизинде израилдик режимдин жана ага тиешелүү кемелердин кыймылына тоскоолдук кылып жатканын, эми алар Жер Ортолук деңизине жеткенин кошумчалады.
Ал “каршылык көрсөтүү огу” Палестина элинин укуктарын калыбына келтирүүгө кепилдик бере турган бирден-бир фронт болуп саналарын белгиледи.
Израиль Газада операция баштагандан бери Йемен армиясы Газадагы Палестина улутунун каршылыгын колдоо максатында Кызыл деңиз жана Баб ал-Мандаб кысыгында басып алынган жерлерге багыт алган бир нече америкалык, британиялык жана израилдик кемелерди бутага алууда.
Өткөн айда Йемендин улуттук куткаруу өкмөтүнүн тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү бул өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн деңиз операциясы Израилдин Газадагы кылмыштарын токтотууга багытталганын билдирген.