Израилдин Рафах шаарындагы качкындар баш калкалаган лагерине кол салуусунан кийин Франциянын баш калаасында миңдеген адамдар палестиналыктарды колдоп митингге чыгышты.
Массалык нааразычылык акциясы Париждеги Израиль элчилигинен алыс эмес жерде өткөрүлдү.
Израиль БУУнун Эл аралык соту Рафах шаарындагы аскерий операцияны токтотууга милдеттендиргенине карабастан Рафахкол кол салууларын улантууда.
Израилдик күчтөр Рафахтагы чатырлар лагерине чабуулду 26-май күнү кечинде жасаган. Жөөт мамлекетинин премьер-министри Биньямин Нетаньяху “кайгылуу окуя” деп мүнөздөгөн бул ырайымсыз кол салууда кеминде 45 киши каза болду, алардын көбү аялдар жана балдар.
Париждеги Палестинаны колдоо жана Израилдин Рафахтагы аракеттерине каршы митингге 10 миңдей киши чогулду. Алар Палестинанын желектерип көтөрүп чыгып, газалыктарды колдогон “Газа Париж сен менен”, “Газага боштондук” деген ураандарды чакырышты.
Митингди уюштурган Франция-Палестина тилектештик ассоциациясынын өкүлү Франсуа Риппе Газадагы кол салууларды “кыргын” деп атады. Демонстрацияга катышкан мамлекеттик оорукананын 50 жаштагы кызматкери Мона Газада болуп жаткан окуяларга адамзат ыдай албайт деп билдирди.
Бул жүрүшкө көптөгөн студенттер жана жогорку класстын окуучулары да катышты.
Палестинага тилектештик билдирген жана ок атууну токтотууну талап кылган мындай демонстрациялар ушул эле күнү Франциянын Лион, Страсбург, Монпелье, Лилль жана Руан шаарларында болупр өттү.
Буга чейин Франциянын президенти Эммануэль Макрон Израилдин Рафах шаарындагы качкындар лагерине кол салышын айыптаган.
«Бул операциялар токтотулушу керек. Рафахта палестиналык жарандар үчүн коопсуз жер жок. Эл аралык укукту толук урматтоого жана ок атууну токтоосуз токтотууга чакырам”, – деген француз лидери.