Европа Биримдиги (ЕБ) Грузиянын бул уюмга интеграция болуу процессин убактылуу токтотту. Евробиримдиктин бийликтери өлкөнүн өкмөтү менен кеминде кийинки парламенттик шайлоого чейин сүйлөшүүгө ниети жок. Алдыда бул маселенин келип чыгуу себептери жана анын кесепеттери тууралуу кеп кылабыз.
Алгачкы кадам
Евробиримдиктин Грузиядагы элчиси Павел Герчинский расмий Тбилисинин Батышка каршы риторикасы менен Европага кошулуу каалоосу шайкеш келбей жатканын айтып, бул өлкөнүн уюмга кошулуу процесси тоңдурулганын жарыялады.
Мындан тышкары, Грузия өлкөнүн коргонуусу үчүн бөлүнмөкчү болгон Европа тынчтык фондунан 30 миллион евродон ажыратылууда.
“Бул биринчи гана кадам”, – деп эскертти Герчинский.
Өлкөгө мындан кийин эч нерсе бербей турган болушууда. Акчалар “жарандык коомду” жана “көз карандысыз” маалымат каражаттарын колдоо үчүн жумшалат.
Грузия өкмөтү менен пикири келишпеген президен Саломе Зурабишвили: “Бул алардын бардык кеңештерине жана эскертүүлөрүнө көңүл бурбаганына жооп болду”, – деди.
Евробиримдик дагы эле чет өлкөлөрдөн 20%дан ашык каржыланган коммерциялык эмес юридикалык жактарды жана жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоону караган “Тышкы таасирдин ачыктыгы жөнүндө” мыйзамга байланыштуу түшүндүрмөлөрдү күтүп жатат.
Брюссел октябрда өтө турган парламенттик шайлоого көп үмүттөнүүдө. Бирок аларды оппозиция жеңип чыгаары күмөн.
Тикенектүү жол
Июндун аягында премьер-министр Ираклий Кобахидзе 2030-жылы Евробиримдикке кирүү башкы максат экенин билдирген. Мындан бир нече күндөн кийин европалык дипломатиянын башчысы Жозеп Боррел: “Тбилиси саясатын өзгөртмөйүнчө жол жабык”,-деп жооп берген.
Бийликтеги партия кырдаалды драмалаштырууга ыктабайт. “Биз бир аз токтоп, кийинки жылы улантабыз”, – деп түшүндүрдү депутат Бека Давитуляни. Анын айтымында, Грузия Евробиримдиктин кеңейүүсүнүн чоң толкунунун бир бөлүгү болуп калат, ал азырынча байкала элек.
Арыз 2022-жылдын мартында – Киев жана Кишинев менен дээрлик бир убакта берилген. Бир нече апта мурун Брюсселде Украина менен Молдованы “талапкер” катары катташкан, бирок Грузия тандалган эмес.
Евробиримдиктин Кеңешинин башчысы Чарльз Мишель, Тбилиси милдеттүү делген 12 шартты аткарышы керектигин эске салды.
Еврокомиссиянын бир жыл мурунку баяндамасында Грузия: гендердик теңчилик, Адам укуктары боюнча Европа сотунун чечимдеринин приоритеттүүлүгү жана мамлекеттик коргоочуну (акыйкатчыны) дайындоо деген үч гана маселени толук аткарганы белгиленген.
Сүйлөшүүгө туура келет
РИА Новости агенттиги Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун Европалык укук кафедрасынын доценти Николай Топорнин пикирин жарыялады. Анда ал: «чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзамды алар жокко чыгаргысы келбейт. Аны кандай кыйынчылык менен кабыл алышты. Ошондуктан азыр абал оор. Азырынча туңгуюк эмес, бирок ошого жакын. Баары тоңуп калды», – деди.
Брюссель бул мыйзамды демократиялык стандарттарга каршы келет деп эсептейт, бирок Тбилиси менен байланышуудан баш тартып, конкреттүү кемчиликтерди көрсөтүп, альтернативаларды сунуштоодо. «Бул процедуралык маселе эмес, бул мыйзамдын айынан сиз сүйлөшүүлөргө кире албайсыз деп эч жерде айтылбайт. Алар эч кандай жагынан Босния-Герцеговинадан же Албаниядан кем эмес”, – дейт Топорнин.
Мындан сырткары ал, Грузияны 1999-жылдан бери Евробиримдикке талапкер болгон Түркиянын тагдырына окшош тагдыр күтүп турушу мүмкүндүгүн айтат. Анткени бул маселенин чиеленишин – 2018-жылы Брюссель Анкара менен сүйлөшүүлөр туңгуюкка жеткенине, анын ичинде Кипр менен болгон аймактык талаштан улам чыкканына байлашат.
«Евробиримдик менен пикир келишпестиктин маңызы “чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзамда” эмес. Батыштагы өнөктөштөр жалпысынан Грузин өкмөтүнүн көз карандысыздыгына канааттанбайт жана бул мыйзам алардын Батышка көз каранды болбогон иш-аракеттеринин символу болуп саналат. Ошондуктан алдыдагы шайлоолор абдан маанилүү. Европа тараптан кандайдыр бир кысымдар болуп жатат, бирок ал азырынча санкцияларга айлана элек. Күзгө чейин кескин кадамдарды көрбөй калат окшойбуз”, – дейт Орусия Илимдер академиясынын Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер улуттук изилдөө институтунун Кавказ секторунун башчысы Вадим Муханов.
Ал буларга кошумчалап, шайлоодон кийин чоң өзгөрүүлөрдү күтпөш керектигин айтат. “Бийликтин олуттуу оппоненттери жок, “Грузин кыялы” бийликти сактап калат. Брюссель аны менен иштешүүгө туура келет. Алар азырынча Тбилиси менен мамилени үзүүгө даяр эмес”,-деди ал.