Азербайжан БРИКСке кошулуу ниетин билдирди

Азербайжан БРИКСтин толук кандуу мүчөсү болууну каалайт, деп өлкөнүн Милли Межлисинин (парламент) төрагасы Сахиба Гафарова БРИКСтин X парламенттик форумунун пленардык жыйынында сүйлөп жатып билдирди.

“Азербайжан тышкы саясатында диалогду, кызматташтыкты жана тилектештикти колдойт. Бул эки тараптуу мамилелерге жана эл аралык платформалардагы ишмердүүлүккө тиешелүү. Тактап айтканда, бул БРИКС менен кызматташууга да тиешелүү. Азербайжан БРИКСке кирүү каалоосун билдирди”, — деди азербайжан спикери.

Анын айтымында, парламенттик деңгээлдеги кызматташтыкты өнүктүрүү бул максатка жетишүүгө өбөлгө түзөт.

Милли Межлистин Төрагасы БРИКСтин парламенттик форуму кызматташуунун натыйжалуу аянтчасына айланат деген ишенимин билдирди.

БРИКСтин X парламенттик форуму 11-12-июлда Санкт-Петербургдагы Таврический сарайында өтүүдө. БРИКС тобу 2006-жылы Бразилия, Орусия, Индия жана Кытай тарабынан түзүлүп, 2011-жылы ага Түштүк Африка кошулган. 2024-жылдын 1-январында Египет, Иран, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Аравия жана Эфиопия топтун толук кандуу мүчөсү болушкан.

25-июнда Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков 30дан ашуун өлкө БРИКСке кошулуу каалоосун билдиргенин айткан. Ал белгилегендей, алардын арасында Таиланд жана Малайзия бар. Июнь айынын башында Түркия да БРИКСке кошулуу ниетин билдирген.

Комментарий жиберүү