2080-жылы планетадагы адамдардын саны 10 миллиарддан ашат

Дүйнө калкынын саны XXI кылымдын сексенинчи жылдарында эң жогорку көрсөткүчкө жетет. Бул тууралуу БУУнун Экономикалык жана социалдык маселелер боюнча департаментинин отчетунда айтылат.

“Дүйнө калкы дагы 50-60 жыл өсөт жана 2024-жылдагы 8,2 миллиарддан 2080-жылдардын ортосуна чейин болжол менен 10,3 миллиард адамды түзөт деп күтүлүүдө. Ал эң жогорку көрсөткүчкө жеткенден кийин төмөндөй баштап, акырындык менен кылымдын аягында 10,2 миллиард адамга чейин төмөндөйт», — деп айтылат документте.

БУУнун маалыматы боюнча, азыр дүйнө калкынын төрттөн бир бөлүгү калкы эң жогорку чегине жеткен өлкөлөрдө – Кытайда, Германияда, Японияда жана Россияда жашайт.

Эксперттердин эсеби боюнча кылымдын аягына чейин Кытай, Япония жана Россиянын калкы барынан да көп азаят.

Азыр планетада орточо жашоо узактыгы 73,3 жашты түзөт – ал коронавирустук пандемияга чейинки деңгээлге кайтып келди, деп белгилешет докладдын авторлору. Ал эми 2054-жылга карата ал орточо эсеп менен 77,4 жашка жетет.

БУУнун баамында, 2080-жылга карата 65 жаштан жогорку адамдардын саны 18 жашка чейинкилерден көп болот. 2070-жылдардын аягында улгайган адамдардын саны 2,2 миллиардга жетет.

БУУ калкынын карылыгы байкалган өлкөлөрдү өз жарандарынын эмгекке жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, анын ичинде үзгүлтүксүз окутуу, кайра даярдоо жана алардын эмгек ишмердүүлүгүн узартуу үчүн башка чараларды көрүү жөнүндө ойлонууга чакырды.

Комментарий жиберүү