Казакстанда атайын операциянын жүрүшүндө “диний радикалдардын” ишмердүүлүгүнө бөгөт коюулду

Казакстанда укук коргоо органдарынын атайын операцияларынын жүрүшүндө экстремисттик ишмердүүлүккө шектелген беш киши кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, укук коргоо органдары июль айында Астана жана Чымкент шаарларында, ошондой эле Атырау жана Жамбул облустарында “диний радикалдардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу иш-чараларын” өткөргөн.

“Анын жүрүшүндө террористтик ишмердүүлүккө катышууга, терроризмди пропагандалоого, экстремисттик ишмердүүлүктү уюштурууга жана бул максаттарда адамдарды азгырууга шектелип Казакстандын төрт жараны жана бир чет өлкөлүк кармалды. Алар жашаган жерлерден көптөгөн диний-экстремисттик адабияттар жана башка далил буюмдар табылды”, – деп жазылган УККнын билдирүүсүндө.

Шектүүлөрдүн бири буга чейин чет өлкөлөрдүн бириндеги согуштук аракеттерге катышканы үчүн Казакстанда соттолгону кабарланды.

Мекеме тергөөнүн кызыкчылыгын жүйө келтирип, азырынча иш боюнча башка маалымат берилбей турганын белгиледи.

Апта башында Казакстандын атайын кызматы июнь айында “террористтик мүнөздөгү кылмыштарды жасаганы үчүн” Казакстандын төрт жараны соттолгонун билдирген. Маалыматка караганда, 3-7-июнь күндөрү Чымкент шаарынын райондор аралык сотунун чечими менен терроризмди пропагандалоого айыпталган эки жергиликтүү тургун жети жылга эркинен ажыратылган. 11-июнда Астана шаарынын райондор аралык соту ушул эле айып менен калаа тургунун алты жылга кескен.

Комментарий жиберүү