Мадуро Насралла менен Ханиянын өлтүрүлүшүнүн себебин атады

Венесуэланын президенти Николас Мадуро Израиль бийлиги “Хезболла” кыймылынын башкы катчысы шейх Хасан Насралланы жана палестиналык “Хамас” кыймылынын саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханияны өлтүрүү операцияларын уюштурганына ишенет. Бул аракеттер Мадуронун айтымында, ок атышууну токтотуу келишимдерине кол коюуну үзгүлтүккө учуратууга багытталган.

Бул тууралуу ал VTV каналынын эфиринде билдирди.

«Алар Насралланы АКШ Нетаньяху кабыл алат деп айткан тынчтык келишими бекитилип жатканда өлтүрүштү. Алар Ханияны Ирандын шайланган президенти менен диалогу белгиленгенде эле Тегеранда өлтүрүшкөн. Мунун мааниси эмнеде эле? Бул бүткүл аймакка зордук-зомбулук алып келүүгө багытталган нацисттик-сионисттик-фашисттик согуштун акылга сыйбаган логикасы», – деди Мадуро.

Венесуэланын лидеринин айтымында, Жакынкы Чыгыштагы кырдаал “эл аралык укук жана БУУнун институттары урандылар абалында калганын” көрсөттү.

«Эл аралык сот Батыштын күчтөрүнө, сионизмге баш ийгендигин көрсөттү. Ал кыргындарды, геноцидди токтото алмак, бирок мындай кыла алган жок, анткени  каалабады», – деп кошумчалады ал.

Мадуронун айтымында, “эл аралык укук өлүм жазасына тартылды” жана БУУнун институттары “элдерге каршы колдонулууда”.

Комментарий жиберүү