5-июнда, Чолпон-Ата шаарындагы №2 Мамлекеттик резиденциянын аянтчасында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өнөр жай министрлеринин IV Кеңешмеси болуп өттү.
КР Экономика жана коммерция министрлигинин маалымат кызматы кабарлагандай, иш-чара Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгынын алкагында уюштурулуп, өнөр жай тармагындагы кызматташтыкты чыңдоого, өндүрүштүк кооперацияны өнүктүрүүгө жана катышуучу мамлекеттердин өз ара байланышын кеңейтүүгө багытталган.
Кеңешмеге төрагалык кылган Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков жыйын конструктивдүү жана ишкердик маанайда өткөнүн, ошондой эле өнөр жай кооперациясын жана технологиялык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү боюнча маанилүү макулдашууларга жетишүүгө мүмкүндүк бергенин белгиледи.

«Бүгүнкү күндө ШКУнун алкагындагы өнөр жай кызматташтыгы сапаттык жактан жаңы деңгээлге чыгып жатат. Жетишилген макулдашуулар биргелешкен өндүрүштүк долбоорлорду ишке ашырууга, технологиялык алмашууну кеңейтүүгө, логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө жана улуттук экономикалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга бекем негиз түзөт», — деп белгиледи Бакыт Сыдыков.
Кеңешменин жыйынтыгында делегациялардын башчылары Биргелешкен коммюникеге жана ШКУга мүчө мамлекеттердин өнөр жай министрлеринин IV Кеңешмесинин Протоколуна кол коюшту.
Коммюникеде катышуучулар өз ара ишеним, тең укуктуулук, өз ара пайдалуулук жана биргелешкен өнүгүү принциптерине берилгендигин ырасташты.
Туруктуу экономикалык өсүштү жана туруктуулукту камсыз кылууда жарандык өнөр жай инфраструктурасынын стратегиялык мааниси өзгөчө белгиленди.
Белгилей кетүүчү нерсе, Кыргызстандын ШКУга мүчө мамлекеттердин Бириккен текстиль кластерин түзүү жөнүндө Макулдашуунун долбоорун иштеп чыгуу боюнча демилгеси бардык катышуучулар тарабынан бир добуштан колдоого алынды.
Тараптар өнөр жай кооперациясын активдештирүү, индустриалдык парктар менен атайын экономикалык аймактардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү, алдыңкы технологиялар жана жогорку технологиялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча тажрыйба алмашууну кеңейтүү, ошондой эле экологиялык жактан туруктуу жана ресурстарды үнөмдүү пайдаланган өнөр жайды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча макулдашышты.

Кеңешмеге Индиянын оор өнөр жай министри жана болот өнөр жай министри Хараданахалли Девегоуда Кумарасвами, Кытайдын өнөр жай жана маалыматташтыруу министринин орун басары Синь Гобинь, Өзбекстандын инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов, Казакстандын өнөр жай жана курулуш вице-министри Шархан Иран, Тажикстандын өнөр жай жана жаңы технологиялар министри Кабир Шерали, Беларустун өнөр жай министринин биринчи орун басары Андрей Конюшко,
Россиянын өнөр жай жана соода министринин орун басары Иван Куликов, Ирандын өнөр жай, кен иштери жана соода министри Сейед Мохаммад Атабак, ШКУнун Башкы катчысынын орун басары Сохайл Хан жана Пакистандын Элчилигинин өкүлчүлүк жетекчисинин орун басарынын кеңешчиси, эмгек маселелери боюнча куратор Марван Алекс Айяш катышты.