Хуситтер Израилге каршы күрөшкө толук киришкенин жарыялап, израилдик кемелерге Кызыл деңизден өтүүгө тыюу салды

Йемендеги «Ансар Аллах» кыймылынын (хуситтердин) расмий өкүлү Яхья Сари өлкөсү жана кыймыл Кызыл деңизде жана оккупацияланган аймактарда Израилге каршы күрөшкө толук киришкенин билдирди.

Анын айтымында, бул чечим Иран, Палестина, Ливан, Ирак жана Йемендеги каршылык көрсөтүү күчтөрүнө каршы жүргүзүлүп жаткан америкалык жана израилдик агрессияга каршы туруу үчүн кабыл алынды.

Сари ошондой эле «Жаңы Жакынкы Чыгыш» долбоорунун алкагында «Улуу Израиль» мамлекетин түзүүгө багытталган демилгелерге каршы туруу жана Йемендеги, Ливандагы, Газадагы жана Ирандагы эркин элге киргизилген адилетсиз блокаданы бузуу максаты көздөлүп жатканын белгиледи.

Йемендин куралдуу күчтөрү эскалацияга эскалация менен жооп кайтарыларын, аскердик операциялар дагы кырдаалдын өнүгүшүнө жана каршылык көрсөтүү күчтөрү менен координацияга жараша дагы күчөтүлөрүн белгилешти.

Сари Йемен Палестина, Газа тилкеси, Иран, Ливан жана Ирактагы элдерге каршы колдонулуп жаткан блокадага кайдыгер карабай турганын белгиледи.

Ал душмандын бардык аракеттери ийгиликсиз аяктай турганы айтып, Израилге жана анын союздаштарына каршы операциялар агрессия жана блокада токтомоюнча уланарын белгиледи.

Хуситтер Израилдин кемелерине Кызыл деңиз аркылуу өтүүсүнө тыюу салды

Мындан тышкары, «Ансар Аллах» кыймылынын күчтөрү Тель-Авив аймагындагы буталарга ракеталык соккусун жасап, Израилдин кемелерине Кызыл деңиз аркылуу өтүүгө толук тыюу салынганын жарыялашканын ирандык IRNA News агенттиги кабарлады.

Яхья Сари билдиргендей, Йемендин куралдуу күчтөрү оккупацияланган Яффа аймагындагы (Тель-Авив – ред.) Израилдин маанилүү объектилерине ракета чабуулун жүргүзүп, коюлган буталарды тактык менен бутага алышты.

Хуситтер ошондой эле Израиль үчүн Кызыл деңиздеги бардык деңиз каттамдарына толук жана абсолюттук тыюу салынганын билдиришти.

«Бул билдирүү жарыяланган учурдан тартып душмандын бардык кыймыл-аракеттери биздин куралдуу күчтөр үчүн мыйзамдуу аскердик бута болуп эсептелет», — деп белгилешти кыймылдын өкүлдөрү.

Февраль айынын аягында Иран АКШ менен Израилдин соккуларына жооп катары Ормуз кысыгын жапкан. Дүйнөдөгү суюлтулган табигый газ экспортунун болжолдуу 20% жана мунай жана мунай өнүмүнүн 20-25% жыл сайын дал ушул кысык аркылуу өтөт. “Ансар Аллах” кайсы бир Перс булуңундагы мамлекет Иранга каршы согушка кирсе, Баб эль-Мандеб кысыгын жаба турганын айтып коркуткан.

Жакынкы Чыгыштагы чыңалуу 7-июнда кайрадан курчуду. 7-8-июнь күндөрү Иран менен Израиль ракеталык соккуларды алмашышты.

Күн мурун кечинде Иран Израилдин Ливанга жасап жаткан соккуларына жооп иретинде Израилдин түндүк аймактарына бир нече ракеталык соккуларды жасады. 8-июнь күнү эртең менен Израилдин аскерлери жооп иретинде Ирандагы аскердик буталарга сокку урганын жарыялашты.

Израиль Йемен тараптан да ракеталык сокку урулуп, алар абадан коргонуу системалары тарабынан кармалганын билдирген.