Ливиянын түндүк-чыгышындагы суу ташкыны 2000ден ашуун адамдын өмүрүн алды

Ливиянын түндүк-чыгышындагы суу ташкыны 2000ден ашуун адамдын өмүрүн алды

Ливиянын түндүк-чыгышындагы суу ташкыны 2000ден ашуун адамдын өмүрүн алды, деп билдирди өлкөнүн чыгыш өкмөтүнүн премьер-министри Усама Хаммад. Анын айтымында, миңдеген адамдар дайынсыз болууда. Суу ташкынына «Дэниел» циклону себеп болгон. Жаратылыш кырсыгынан айрыкча Дерна шаары катуу жабыркады, ал жерде эки дамба кыйрап, натыйжада шаарга 33 миллион кубометр суу куюлуп, турак жайлардын бир бөлүгүн толугу менен суу каптады.

Прочитайте больше

Лавров Кыргызстандын тил мыйзамы тууралуу эмне деди? (видео)

Лавров Кыргызстандын тил мыйзамы тууралуу эмне деди? (видео)

 Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстанда жакында эле кабыл алынган кыргыз тили жөнүндө мыйзамга байланыштуу пикирин билдиргени 23-июлда белгилүү болду. Орусия ТИМинин маалыматына караганда, Лавров бул тууралуу 19-июлда коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушканда айткан. Ал “Орусиядагы кырдаал боюнча объективдүү маалымат жеткирүүгө, орус тилин, маданиятын, чет мамлекетте атамекендик билимди илгерилетүүгө аракет кылуу зарылдыгы турганын белгилеп, азыр КМШда оңой эмес процесстер болуп жатканына” токтолгон. “Борбор Азияда мыйзамдарды жигердүү сүрөп жатышат. Кыргызстанда бир канча ай мурда мыйзам кабыл…

Прочитайте больше

Тажик жарандары: Рахмон кыргыздарды душман көрсөткүсү келет

Тажик жарандары: Рахмон кыргыздарды душман көрсөткүсү келет

Тажикстандын жарандары социалдык тармактарга Эмомали Рахмон чек арадагы абалды курчутуп, кыргыздарды душман көрсөткүсү келээрин ачык айтып чыгууда. Ошол эле учурда коңшу мамлекеттин жарандары Рахмондун мыйзамсыз аракеттерин ашкерелеп чыгууда. Алардын айтымында элден мамлекеттин ичиндеги ички саясий көйгөйлөрдү жашырып, бийлигин күчөтүү үчүн Рахмон чек арадагы чырларды байма-бай уюштуруп келет.

Прочитайте больше

Түркияда өтө турган Көчмөндөр оюндарынын проморолиги чыкты (видео)

Түркияда өтө турган Көчмөндөр оюндарынын проморолиги чыкты (видео)

Сентябрь айында Түркияда өтө турган көчмөндөр оюндарынын проморолиги жарыяланды. Видео ролик “Dünya Göçebe Oyunları 2022” Youtube-каналына жүктөлдү. Анда көчмөндөрдүн баары бир түндүктүн алдына бириккени чагылдырылган. Көчмөн элдер көптөгөн окуялардан кийин кайрадан табышып, бири-бирин толуктап, маданиятын сактоо менен тарых уланып жатканы айтылган. Белгилей кетсек, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 29-сентябрдан 2-октябрга Түркиянын Бурса провинциясынын Изник шаарында өтөт. Ага 74 мамлекеттен 2050 этноспортчунун катышуусу күтүлүүдө. Буга чейин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үч ирет Кыргызстанда өтүп, 2016-жылы эстафета Түркияга өткөрүп…

Прочитайте больше

Бразилияда нөшөрлөгөн жаан 104 кишинин өмүрүн алды

Бразилияда нөшөрлөгөн жаан 104 кишинин өмүрүн алды

Бразилиянын Рио-де-Жанейро штатындагы Петрополис шаарында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам каза болгондордун саны 104кө жетти, алардын 8и балдар экенин G1 порталы билдирди. Буга чейин 94 киши каза болгону кабарланган. Табигый кырсыктан 50дөн ашык турак-жай кыйраган. Буга чейин жарандык коргонуу кызматтары 24 адамды куткарып калууга жетишкени маалымдалган. Дагы 35 адам дайынсыз болдон калууда. 15-январда нөшөрлөп жааган жамгырдын айынан жер көчкү жаралып, суу ташкындаган. Рио-де-Жанейро штатынын губернатору Клаудиу Каштру шаршемби күнү жабыркаган аймакка барган. Буга чейин ал маалымат…

Прочитайте больше

Көк-Арттагы узундугу 3890 метр болгон тоннелди тешүү аяктады (видео)

Көк-Арттагы узундугу 3890 метр болгон тоннелди тешүү аяктады (видео)

Түндүк-Түштүк унаа жолундагы Көк-Арт ашуусу аркылуу тоннелди тешүү иштери аяктап, магистралдык тоннелдин курулушу уланууда. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Түндүк-Түштүк, Фаза 1, Казарман айылы – Жалал-Абад шаары альтернативдүү унаа жолун куруунун алкагында узундугу 3890 метрди түзгөн тоннелдин курулушу жүрүп жатат. Тоннелдин бийиктиги болжол менен 9 метрди, туурасы 10 метрди түзөт, бул экинчи техникалык категориядагы эки тилкелүү кыймылды эркин өткөрүүгө мүмкүндүк берет. Салыштыруу үчүн айта кетсек, Бишкек-Ош унаа жолундагы Көлбаев тоннелинин…

Прочитайте больше

Өзбекстанда Борбор Азиядагы алгачкы учкучсуз учуучу аскердик аппарат жасалды (видео)

Өзбекстанда Борбор Азиядагы алгачкы учкучсуз учуучу аскердик аппарат жасалды (видео)

Өзбекстан учкучсуз учуучу аскердик аппараттарды чыгарууну өздөштүрдү. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды. “Коргонуу өнөр жайы боюнча мамлекеттик комитеттин алдында учкучсуз учуучу авиациялык комплекстерди өндүргөн илимий борбор түзүлгөн. Бул борбор эл аралык техникалык талаптарга жана стандарттарга жооп берген “Лочин” аталышындагы учкучсуз аппараттарды чыгара баштады”, — деп айтылат Мамлекеттик комитеттин маалыматында. Ошентип Өзбекстан учкучсуз аппараттарды чыгарган Борбор Азиядагы биринчи өлкө болуп калды. Жабдыктардын техникалык мүнөздөмөлөрү жана өндүрүштүн кубаттуулугу ачыкталбай турганы айтылды. Аппараттардын техникалык мүнөздөмөлөрү жана өндүрүштүк кубаттуулугу…

Прочитайте больше

АКШда бороон ондогон адамдардын өмүрүн алды (Видео)

АКШда бороон ондогон адамдардын өмүрүн алды (Видео)

АКШнын Кентукки штатында торнадо жана бороон-чапкындардан улам ондогон адамдар каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты. Штаттын губернатору Энди Бешир бороондон кеминде 80 адам каза болгонун билдирди. Ал CNN телеканалына берген маегинде бул бороон штаттын тарыхындагы эң ири кырсык болгонун айтып, “Мен алган отчеттор боюнча, биз Кентуккинин 80ден ашуун тургунун жоготконубузду билем”, – деди. Баарынан көп Грейвс округу жана анын административдик шаары Мейфилд жабыркаган. Бороон шам заводунун чатырын, юстиция сарайынын мунарасын жана анын жанындагы түрмөнүн имаратын…

Прочитайте больше

Бишкек Ферганадагы шаарлардын абасы менен салыштырылды (видео)

Бишкек Ферганадагы шаарлардын абасы менен салыштырылды (видео)

Акыркы жылдары Бишкек ааламдагы абасы эң кир шаарлардын эң алдыңкы сабына чыгып келет. Дүйнөлүк рейтингде быйыл дагы алдыңкы сапта турат. Адистер муну көмүрдүн көп жагылышы, шаар географиялык чөөлмөк аймакта жайгашканы жана автоунаанын көбөйгөнү сыяктуу бир канча себептер менен түшүндүрүп келишет. А биз Бишкекти дүйнөдөгү мегаполисттер эмес, Фергана өрөөнүндөгү шаарлар менен салыштырып көрдүк. Кыргызстандын Бишкек шаары абасы кир болгон дүйнөдөгү эң алдыңкы шаарлардын бири. Абанын тазалыгын аныктап турган World Air Quality уюмунун 7-декабрдагы маалыматы боюнча, Бишкек…

Прочитайте больше

Стамбулду каптаган бороон төрт адамдын өмүрүн алды (видео)

Стамбулду каптаган бороон төрт адамдын өмүрүн алды (видео)

Түркиянын Мраморномор аймагын эң күчтүү бороон каптады. Daily Sabah гезитинин маалыматына караганда, кырсыктан төрт адам каза болгон. Маалыматка караганда, аял менен баланы урап түшкөн чатырдын сыныктары басып калган. Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, дагы 40 киши жаракат алды. Социалдык тармактарда Чаталжедеги (Стамбул району) мунаранын урап түшүшүнүн видеолору жарыяланып жатат. Түркиянын метеорологиялык кызматы Мрамор деңизиндеги бир катар провинциялар үчүн бороон коркунучу тууралуу эскертүү берди. Шамалдын ылдамдыгы саатына 80 чакырымга жеткени кабарланууда. Бороон үйлөрдүн чатырларын учуруп,…

Прочитайте больше

Иранда күчү 6,4 баллга жеткен эки жер титирөө катталды (видео)

Иранда күчү 6,4 баллга жеткен эки жер титирөө катталды (видео)

Ирандын түштүгүндөгү жер титирөөдөн эки адам каза таап, 98 киши жаракат алды. Кечээ, 14-ноябрда түштөн кийин катталган биринчи жер титирөөнүн күчү 6,4 баллга жетсе, экинчи жер титирөөнүн күчү 6,3 баллга жеткен. Жер силкинүүнүн очогу Бендер-Аббас шаарынан (Хормозган провинциясы) болжол менен 60 чакырым алыстыкта жайгашкан. Аймакта электр энергиясы жана телекоммуникация системалары үзгүлтүккө учураган. Жабыркагандардын бири электр берүү линиясынын мамысынын кулашынан улам каза болгон. Жер титирөө Хормозган провинциясынын түндүгүндө жайгашкан коңшулаш Керман жана Фарс провинцияларында да сезилди.

Прочитайте больше

Видео: Голландиялык студенттер күн энергиясы менен жүргөн дөңгөлөк үстүндөгү үй жасашты

Видео: Голландиялык студенттер күн энергиясы менен жүргөн дөңгөлөк үстүндөгү үй жасашты

Эйндховен Технологиялык университетинин студенттеринен турган команда толук күн энергиясы менен жүргөн дөңгөлөк үстүндөгү үй жасашты.  “Stella Vita” деп аталаган унаанын ичинде керебет, муздаткыч, ажаткана, диван жана кичинекей ашкана аянты бар. Унаа күн ачык мезгилде 730 чакырым жол жүрө алат.Унаанын чатырына күн панелдери орнотулган.Авторлордун айтымында, унаанын аккумулятору аба ырайына жараша эки-үч күндө толук кубатталат.Аба ырайы начар болгон учурларда аккумуляторду электромобилдерди кубаттоочу станциялардан  кубаттаса болот.Унаанын ичиндеги бардык тиричилик техникалары күндүн энергиясы менен иштейт.Команданын мүчөсү Тийна Тер Хорсттун айтымында, мындай…

Прочитайте больше

Видео: Ирандык балбан америкалык атаандашып утуп, дүйнө чемпионуб олду

Видео: Ирандык балбан америкалык атаандашып утуп, дүйнө чемпионуб олду

Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча Дүйнө чемпионатынын финалында ирандык балбан Хасан Яздани америкалык атаандашы Дэвид Тейлорду 6:2 эсеби менен утуп, алтын медаль тагынды. Токиодогу Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси Хасан Яздани  86 килограмм салмакта күч сынашты. Ирандык балбан акыркы жолу Дэвид Тейлор менен Токио Олимпиадасында беттешип,  женилип калган. Буга чейин ирандык спортчу чемпиондукка ат салышууда казакстандык балбан Азамат Даулетбековду 12:2, Пуэрто-Риколук атаандашы Эйтан Рамосту 10:0 эсебинде жана орусиялык спортчу Артур Найфоновду…

Прочитайте больше

Рекорд: Шулико Ысык-Көлдү узунунан сүзүп өттү (видео)

Рекорд: Шулико Ысык-Көлдү узунунан сүзүп өттү (видео)

Кыргызстандык суучул Владислав Шулико 180 чакырымга созулган Ысык-Көлдү узунунан сүзүп, марага жетип жаңы рекорд койду. Спортчу 22-августта Ысык-Көлдүн Каракол шаарынан баштап сүзүп, бүгүн 27-августта Балыкчы шаарындагы “Алия” эс алуу жайына келди. Көл жээгинен аны Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү эл жана жакындары тосуп алышты.

Прочитайте больше

Видео: Лондондо нөшөрлөгөн жамгырдан улам бир нече метро станцияларын суу каптады

Видео: Лондондо нөшөрлөгөн жамгырдан улам бир нече метро станцияларын суу каптады

Лондондо нөшөрлөп жааган жамгырдан улам райондорду, анын ичинде үйлөрдү, көчөлөрдү, жолдорду жана метро станцияларды суу каптады. ВВС маалымдагандай, 25-июль күнү кечинде Лондондо үч сааттын ичинде жааган жамгырдын көлөмү белгиленген нормадан ашып, жамгырдын деңгээли 51 миллиметрге жеткен. Суу ташкынынан улам борбор калаадагы көптөгөн жолдор, анын ичинде Темзадагы Блэкуолл туннели да жабылды. Суу ташкыны учурунда шаарда сегиз метро станциясы жана бир жеңил метро станциясы жабылды. Интернетте суу каптаган Pudding Mill Lane жеңил метро станциясынын видеосу жарыяланды. The…

Прочитайте больше
1 2 3