Адамга жаңы күн кирип келип, мындай дейт: мен жаңы күнмүн, сенин амалдарыңа жана сөздөрүңө күбө болом. Жакшы жана пайдалуу сөз сүйлөп, жакшы амалдарды кылууга аракет кыл. Мен кыяматта сенин амалдарың менен сөздөрүңө күбө болом. Бүгүнкү күн да аягына жетип, мени кайра көрө албай жана ордун толтура албасыңды бил. Баланын ооруганы, ата- энесинин күнөөлөрү үчүн жооп бергени. Мейиз, кара киш миш жемек, жүрөктү кубаттап, ооруларды айыктырат. Денин табын төмөндөтүп, көңүлдү тазартат. Балдарыңарга анар жегизгиле, тили так…
Прочитайте больше02
Азирети Али алейхиссаламдан кымбат баалуу 40 хадис
1. Амийраль муъминийн Азирети Али алейхиссалам буюруду: Беш убакытты дуба жана тилек тилөөгө баалагыла: Куран окууда, азан убагында, жамгыр жааганда, Аллах жолунда согуш жана жихадда, Кордук көргөндүн кыйналганында – бул мезгилдерде дуба кабыл алынуусуна тоскоолдук жок. 2. Илим – баалуу мурас, адеп – кооз жасалга, ой жүгүртүү – тунук дин, кечирим суроо – боорукердин эскертүүсү. Ал эми адептүү болууң үчүн өзүң жактырбаганды башкаларга ыраа көрбөгөнүң. 3. Ак жана акыйкат качан болсо да, канча убакыт өтсө…
Прочитайте большеРагаиб түнү
Ражаб айынын алгачкы Жума түнү Рагаиб түнү болуп эсептелет. Ар бир Жума түнү баалуу. Бул эки баалуу түн бир убакта болгондо андан да баалуу болот. Аллаху таала бул түнү момундарга жакшылыктарды берет. Бул түнгө урмат көрсөткөндөрдү кечирет. Бул түнү кылынган дуба артка кайтарылбайт жана намаз, орозо, садага сыяктуу ибадаттарга сансыз сооптор берилет. Бул түн Пайгамбарыбыздын атасы үйлөнгөн түн эмес. Мындай деп айтуу жаңылыш. Расулуллахтын тогуз айдан мурда дүнүйөгө келгендигин айткандык болот, бул болсо кемчилик болуп…
Прочитайте большеРажаб айы
Суроо: Ражаб айы тууралуу маалымат бересизби? ЖООП: Ражаб – касиеттүү үч айдын бири. Бул ай тообо кылуунун, сый-урматтын жана ибадаттын айы болсо, Рамазан айы жакындык менен немат айы. Зуннун Мисри: “Ражаб – үрөн себүү, Шабан айы – сугаруу айы, Рамазан болсо – түшүм жыйноо айы”, – деди. Ражаб айы кечирим айы, Шаабан айы шапаат жана Рамазан айы сооптор көп эсе бериле турган ай экени айтылды. Бул айларды урматтоо күнөөлөрдөн сактануу жана ибадат кылуу аркылуу ишке…
Прочитайте большеЭлечек тууралуу кызыктуу 20 факт
1) Элечек иран тилинин “илачаг” сөзүнөн алынып, ханышанын баш кийими дегенди түшүндүрөт. 2) Элечекти келинди күйөөсүнүн үйүнө жөнөтөрдө кийгизишкен. Бул аялдын бир курактан экинчиге өтүүсүн көрсөтүүчү ырымдар менен коштолгон. Келинге элечекти үйдөгү эң улуу аял кийгизген. 3) Аялдар элечекти жайы-кышы үй ичинде да, сыртта да оронушкан. Аталган баш кийимди башынан жатар алдында гана алышкан. Байбичелердин айтып берүүсү боюнча, аны таруу майдалаганда да чечишкен эмес. 4) Тарыхта 20 жашка толо элек келиндер артына турнанын, же үкүнүн…
Прочитайте большеКылган дубаңыз текке кетпейт
Суроо: Аллаху таала Мумин сүрөсүнүн 60-аятында: “Дуба кылгыла, кабыл кылайын”, – деп билдирүүдө. Бирок, мен кылган дубалар дайым текке кетүүдө. Мунун себеби эмнеде? ЖООП: Жок, дуба текке кетпейт. Эки хадиси шарифтин мааниси: “Раббиңер, албетте, хайа жана керем ээси. Кулдары колдорун көтөрүп бир нерсе сураганда алардын колдорун бош кайтаруудан хайа кылат.” [Тирмизи, Абу Давуд] “Аллаху таала айтты: “Эй, адам баласы, мага шерик кошпой кулдук кыла турган болсоң амалыңдын жообун беремин. Дуба кылуу сенден, кабыл кылуу болсо…
Прочитайте большеМусулман социалдык тармакта өзүн кандай алып жүрүш керек?
Бүгүн жашообузду социалдык тармактарсыз элестете албай калдык. Албетте, интернеттин адам жашоосун жеңилдеткен бир пайдалуу жагы бар. Биз ал аркылуу мыкты мугалимдерди таап, онлайн илим-билим алабыз. Жакындарыбыз жана туугандарыбыз менен байланышып, мамилени бекемдейбиз. Бирок социалдык тармактардын тескери жактары да бар экенин унутпашыбыз керек. Күнөөдөн алыс болуу үчүн мусулман коммуникациянын бул куралын абайлап колдонуусу зарыл. Бул жолу окурмандарыбызга социалдык тармакты пайдалануу эрежелерин сунуштайбыз. 1) Жакшы кулк-мүнөз Мусулман бардык жерде, жадагалса виртуалдык дүйнөдө да өзүн татыктуу алып жүрүш…
Прочитайте большеБаланы кантип тарбиялоо керек
Суроо: Балдарыбызды кантип тарбиялашыбыз керек? Тарбияда кайсы нерселерге маани беришибиз керек? Жооп: Тарбияда “мындай кыл, муну кылба” дегендин ордуна жүрүм-турумубуз менен балага үлгү болушубуз керек. Анткени,кыймыл-аракеттерибиз айтыла турчу сөзгө караганда көбүрөөк таасирин тийгизет. Мисалы: Бир соода кербени түнгө жуук Медина шаарынын четине конуш алат. Абдан чарчаган жолоочулар катуу уктап калышат. Аларды көргөн халифа Хазрети Омар Абдуррахман бин Авфка: “Бүгүн түнү бир кербен келди. Баары капыр экен. Бирок, бизге ишенип келишкен экен. Алардын оокаттары баалуу жана көп экен….
Прочитайте большеНаристеге кылына турчу диний милдеттер
Ислам маданиятында өмүр сүрүү салтын жөнгө салган, мусулмандын дүйнөдө жана акыретте бактылуу болуусун камсыз кылган турмуштук билимдер «Илимхал» деп аталат. Бул билимдер мусулман адамдын туулгандан баштап кайтыш болгонго чейин кармануусу керек болгон эрежелерди үйрөтөт. Балдар биздин бактыбыз. Ата-эне боло турган жаңы үйлөнгөн жаш жубайлар наристенин төрөлүү күнүн чыдамсыздык менен күтүшөт. Динибиз жаңы төрөлгөн наристеге карата орундообуз керек болгон амалдарды мындайча көрсөткөн: 1) Жаңы туулган баланын кулагына дароо азан менен комат айтуу керек. Ушундай кылуу аркылуу жин менен шайтандын…
Прочитайте большеБалдарга динин сүйдүрүү
Суроо: Кичинекей балдарга динибизди кантип сүйдүрө алабыз, кантип тарбия кылуубуз керек? Жооп: “Мындай кыл, мындай кылба” дегендин ордуна абалыбыз менен үлгү болушубуз керек. Анткени, абалыбыз, иш-аракеттерибиз сөзгө караганда көбүрөөк таасирлүү болот. Өзүбүз абалыбыз менен, кыймыл-аракеттерибиз менен жакшы үлгү, өрнөк боло алсак тарбия ишинин жартысы аткарылган болот. Анан Пайгамбарыбыздын, сахабалардын, дин улууларынын, олуялардын өмүр баяндарын, ибреттүү окуяларын айтып берип, аларга карата сүйүүсүн ойготуу керек. Бул сүйүү балага берилсе алардын атын айтып, Аллаху тааланы түшүндүрүү, динибиздин буйруктары менен тыюуларына…
Прочитайте большеКасымдын апасы менен акыркы коштошуусу тууралуу жүрөк сыздаткан баян
Шейит Сулейманинин бир тууганы: 🔹Энебиз катуу ооруп жаткандыктан, Касым ажы Сирияга өтө маанилүү миссия үчүн барууга аргасыз болгон жана бул миссияда шейит Сулейманинин болушу керектиги баса белгиленген. Хаж Касымдын апасы менен коштошуу учуру айрыкча көрүнүш болду; Касым ажы апасынын алдына чөгөлөп, апасынын тизесине башын коюп: «Апаке батаңды бер» дейт. Кийин дагы шейит Сулеймани апасына кайтып келип, анын жанына уктап, аны кучактап, башын колуна коюп, эркелетти. Касым ажы үч жолу тирүү, апасына кайтып келди, баары Касым…
Прочитайте большеКабуснама
Кабуснама 1082-жылы Кухистан султаны Искендер бин Кабустун өз уулу Гилан Шахка карата кылган насааттары болуп саналат. Тарых боюнча көптөгөн падыша, султан жана мамлекет адамы тарабынан бир канча тилге которулуп, тарыхый жана ахлак чыгармаларына булак болуп эсептелет. КАБУСНАМА Эй уул, мен эми карыдым. Алсыз жана азыгым жок абалда жолдун акырына келдим. Өлүм катын колума беришти. Ал кат – сакалымдын агаруусу. Азыр сага өмүрлүк тажрыйбаларым менен тапкан бир канча насаатым жаныңа калтырар белегим болсун. Бул насааттарыма моюн…
Прочитайте большеАзирети Фатима аз-Захра (а.с) тууралуу шия менен суннилердин жалпы 25 темасы
Мухаммад Жаъфар Табаси “Азирети Фатима аз-Захра (а.с) тууралуу шия менен суннилердин 25 орток темасы” деген макаласында мындай деп жазган: Такфирчи ваххабизм медиа пропагандасында Азирети Фатиманын (а.с) жашоосуна тиешелүү болгон окуяларды жана маселелерди жашырууга аракет жасашат жана аларды шийилерге гана тиешелүү, жасалмаланган деп таанытышат.Бирок ишенимдүү жана белгилүү “Ахли сунна” булактары Азирети Захранын (а.с) инсандык макамынын, анын коомдук ишмердүүлүгүнүн жана саясий кеңири позициясын кабарлашкан. Жалпысынан Азирети Фатиманын (а.с) кулк-мүнөзү жана өмүр таржымалы тууралуу шия жана суннит булактарында…
Прочитайте большеБереке жана берекесиздик
Суроо: Береке жана берекетсиздик деген эмне? ЖООП Береке – бул аз оокаттын көп пайдага жароосу. Аз оокат берекелүү болгондо көп адамдын ырахат болуусуна, жакшы иштердин кылынуусуна жарайт. Ээсинин дүнүйөдө жана акыретте жамандыкка кирүүсүнө себеп болчу берекелүү болбогон көп оокат болот. Ошондуктан, мал-оокаттын көп болуусун эмес берекелүү болуусун тилеш керек! Ырыскы эч өзгөрбөйт, азайбайт жана көбөйбөйт. Эч ким эч кимдин ырыскысын жей албайт. Эч ким өз ырыскысын жеп бүтүрмөйүн өлбөйт. Ким эгер Аллаху таала буйрук кылгандыгы үчүн…
Прочитайте большеЮша алейхиссалам
Исраил уулдарына жиберилген пайгамбарлардан. Муса алейхиссаламдан кийин жиберилип, Муса алейхиссаламдын жээни же өкүлү эле. Аты Юша болуп, христиандар Йешу дешет. Юсуф алейхиссаламдын урпагы болгон Нундун уулу. Энеси Муса алейхиссаламдын кыз бир тууганы. Юша алейхиссалам Муса алейхиссаламга билдирилген диндин негиздерин адамдарга насааттады. Мысырда туулган Юша алейхиссалам Муса алейхиссаламдын өзгөчө шакирти, калыс кызматчысы жана эң жакын досторунан эле. Муса алейхиссалам Фараондун зулумдугунан улам Аллаху тааланын буйругу менен өзүнө ишенген жана баш ийгендер менен бирге Мысырдан Тих чөлүнө…
Прочитайте больше