Пайгамбарыбыздын сүйүктүү жубайы азирети Хадижа тууралуу 8 факт

Пайгамбарыбыздын ﷺ биринчи жубайы Хадижа (ага Аллахтын ыраазычылыгы болсун) Ислам тарыхындагы таасирдүү аялдардын сап башында турат. Аллахтын элчиси ﷺ Хадижа энебизди абдан сүйүп, көзү өткөндөн кийин да дайым аны эстеп жүргөн. Хадижа (ага Аллахтын ыраазычылыгы болсун) пайгамбарыбызга ﷺ идеалдуу жубай, балдарынын мээримдүү энеси гана болбостон, анын ишенимдүү досу, жардамчысы да болгон.

Бул макалабызда Хадижа (ага Аллахтын ыраазычылыгы болсун) энебиз тууралуу кызыктуу жана маанилүү фактыларды сунуштайбыз

1. Хадижа бинт Хувайлид (ага Аллахтын ыраазычылыгы болсун) 556-жылы Меккеде жарык дүйнөгө келген. Ал кадыр-барктуу үй-бүлөдөн чыккан. Ата жагынан да, эне жагынан да пайгамбарыбыздын ﷺ тегине кошулат.

2. Азирети Хадижага (ага Аллахтын ыраазычылыгы болсун) Меккенин эң белгилүү, эң бай, кадыр-барктуу адамдары турмуш куруу сунушу менен колун сурап, көп жолу келишкен. Бирок алардын эч кимисине макулдук бербей, соода иштерин өзү жүргүзгөн.

3. 595-жылы пайгамбарыбыз ﷺ азирети Хадижанын (ага Аллахтын ыраазычылыгы болсун) кербенин жетектеп, Шамга карай сапар тарткан. Бул соода кыска убакыттын ичинде кирешелүү болуп, жакшы натыйжаларды көрсөткөн. Ыраазы болгон Хадижанын пайгамбарыбызга ﷺ болгон ишеними барган сайын арта баштаган.

4. Хадижа (ага Аллахтын ыраазычылыгы болсун) курбусу Нафисаны ортомчу кылуу менен пайгамбарыбызга ﷺ үй-бүлө курууну сунуш кылган. Ошентип, Аллахтын элчиси ﷺ махрга 20 төө берип, Хадижа энебизге үйлөнгөн.

5. Аллахтын элчисине ﷺ алгач ыйык кабар келген кезде өмүрлүк жары азирети Хадижа пайгамбарлыгын таанып, Исламды биринчи кабыл алган.

6. Хадижа (ага Аллахтын ыраазычылыгы болсун) – пайгамбарыбыздын ﷺ 25 жыл бою түтүн булаткан сүйүктүү жана идеалдуу жубайы. Алар 6 баланы тарбиялап өстүрүшкөн. Пайгамбарыбыздын ﷺ жашоосундагы эң оор мезгил Хадижа энебиз менен жашаган убакка туура келет. Сыноо мезгилинде Хадижа жолдошуна материалдык жана моралдык жактан зор колдоо көрсөтүп, жүрөгүнө тынчтык тартуулаган.

7. Хадижа (ага Аллахтын ыраазычылыгы болсун) хижраттан 3 жыл мурун 63 жашында дүйнөдөн кайткан. Кайгыга баткан Аллахтын элчиси ﷺ бир нече күн сыртка чыга албай калган. Ал сүйүктүү жубайы каза болгондон кийин 2,5 жыл эч кимге үйлөнгөн эмес.

8. Хадижа (ага Аллахтын ыраазычылыгы болсун) пайгамбарыбызга мал-мүлкүн, бүт байлыгын жана өзүн арнагандыгы үчүн ага бейиштен өргөө ыроолонгон. Аллахтын элчиси ﷺ акыркы демин алып жаткан кезде ага мындай деген:“Оо, Хадижа! Аллах Таала сени аруу аялзаты кылды. Сени Имрандын кызы Марьям менен фараондун жубайы Асиядай тандап алды”.

14 кылым өтсө да Хадижа энебиздин (ага Аллахтын ыраазычылыгы болсун) өмүр жолу бардык мусулман айымдарды мыкты жубай, мээримдүү эне болууга шыктандырып келет. Ал өрнөктүү өмүрү менен чыныгы мусулман аял кандай болуш керектигин көрсөтүп кетти.

Комментарий жиберүү