Бейиш жыттанган балдар тууралуу пайгамбарыбыздын ﷺ хадистери

Пайгамбарыбыз ﷺ бөбөктөрдү абдан жакшы көрөр эле. Аларга болгон сүйүүсүн аларды кучактап, өөп жана дуба кылып билдирчү. Ал ﷺ балдарды төосүнө мингизип, жонуна отургузуп, жүзүнөн жыттаган. Керек болсо балдарга аралашып, алар менен жаш баладай тамашалашып, ойногон кездери да болгон.

Аллахтын элчиси ﷺ балдарга мээримдүүлүк, ырайымдуулук менен мамиле жасоого чакырган. Бул жолу бейиш жыттанган, ата-энени бактылуулукка жетелеген бөбөктөр тууралуу пайгамбарыбыздын ﷺ хадистерин сунуштайбыз.

1. Абу Хурайра (р.а) Пайгамбарыбыздын ﷺ мындай дегенин риваят кылат: «Ар бир бала табиятынан таза, күнөөсүз төрөлөт. Андан кийин аны ата-энеси иудей, христиан, же масжудий кылып тарбиялайт”.

2. Аллахтын элчиси ﷺ мындай деген: “Кимдир бирөө кыз балага колдоо көрсөтүп, аны тарбиялап, турмушка берсе жана ага жакшы мамиле кылса, ал бейишке кирет” (Абу дауд)

3. Пайгамбарыбыз ﷺ: “Эч бир ата-эне баласына кооз тарбиядан өткөн белек берген эмес” (Тирмизий).

4. Аллахтын элчиси ﷺ буйруйт: “Аллахтан корккула, балдарыңардын арасында адилеттүү болгула” (Муслим).

5. Бир киши: “Оо, Аллахтын элчиси, мен кимге жакшылык кылайын?” – деп сурады. Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деп жооп берди: “Ата-энеңе жакшылык кыл”. Берки: “Менин ата-энем жок”, – деп айтты. Пайгамбарыбыз ﷺ: “Анда балаңа жакшылык кыл. Сен ата-энеңдин алдында карыз болгондой эле, балаңдын алдында да карызсың”.

6. Пайгамбарыбыз ﷺ: “Кимде-ким кыз балдарынан улам оор түйшүк тартса, ал кыздар – аны тозок отунан коргогон калкан болот” (Бухарий).

7. Аллахтын элчиси ﷺ: “Эне менен баланы бири-биринен ажыраткан адамды Аллах да Кыямат күнү жакындарынан ажыратат” (Тирмизий).

8. Пайгамбарыбыз ﷺ бир күнү небереси Хасанды өөп жатканда, Акра бин Хабис муну көрүп мындай деди: “Сиз балдарды өбөсүзбү? Менин 10 балам бар, бирок аларды эч качан өппөйм”.

a. Алланын элчиси ﷺ ага: “Кимде-ким адамдарга ырайым кылбаса, Аллах да ага ырайым кылбайт”, – деп жооп берди (Бухари).

9. Сүйүктүү пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген: “Балдарыңар 7 жашка толгондо, намаз окууга буйругула” (Абу Дауд).

Комментарий жиберүү