Аз сүйлөп, көп амал кылуу тууралуу пайгамбарыбыздан 10 хадис

Мусулман бир нерсе айтканга чейин жакшылап ойлонуш керек. Эгер ошол сөз чындыкка дал келип, кийин жакшылык алып келе турган болсо гана айтуусу зарыл. Анткени ашыкча сөздөр адамга эки дүйнөлүк зыян келтирип коюшу ыктымал. Бул макалада пайда алып келе турган сөздөрдү гана сүйлөө жөнүндө айтылган пайгамбарыбыздын ﷺ куттуу хадистерин сунуштайбыз

1. Абдулло ибн Амр (р.а) пайгамбарыбыздын ﷺ хадисин риваят кылат: «Унчукпай калууда кутулуу бар» (Таргиб).

2. Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: «Ким Аллахка жана Акырет күнүнө ыйман келтирсе, ал жакшы сөз сүйлөсүн же унчукпай жүрсүн” (Макаарим).

3. Аллахтын элчиси ﷺ айтты: “Кайсы бир пендеден дүйнөгө кызыкпаган жана аз сүйлөгөн мүнөздү тапсаңар, аны менен көп убакыт болгула. Анткени Аллах Таала ага даанышмандыкты жана түшүнүктү берген” (Байхаки).

4. Анас (р.а) пайгамбарыбыздын ﷺ мындай дегенин риваят кылат: “Ким өз тилин сактаса, анын айыптары жашырылып турат” (Таргиб)

5. Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: “Ким саламаттыкты кааласа, унчукпай жүрүүнү ыктыяр кылсын” (Байхаки).

6. Аллахтын элчиси ﷺ минтип айткан: “Исламдын кооздугу – пайдасыз сөздөрдү таштоо” (Тирмизи).

7. Абу Хурайра (р.а) пайгамбарыбыздын ﷺ бул сөзүн риваят кылат: “Кээ бир учурда адам тили менен ушундай сөздөрдү сүйлөп коёт. Анын себебинен тозоктун эң төмөн даражасына жетимиш жыл жеткенин билбейт” (Ибн Маажа).

8. Аллахтын элчиси ﷺ айтты: “Аллах Таала ар бир сүйлөөчүгө жакын. Ошондуктан Роббиңерден корккула жана эмне айтып жатканыңарды баамдагыла!” (Байхаки).

9. Пайгамбарыбыз ﷺ Абу Зарга (р.а) жолукканда мындай деди: “Ээ, Абу Зар, мен сага ушундай эки мүнөздү айтайынбы? Аларды аткаруу жеңил, таразада оор. Ал: “Ооба. Оо, Аллахтын элчиси”, – деди. Пайгамбарыбыз айтты: “Сен жакшы адеп-ахлак менен унчукпай жүрүүнү бекем карма” (Таргиб).

10. Абу Жухайфа (р.а) айтат: “Пайгамбарыбыз ﷺ сурады: “Аллахтын алдында сүйкүмдүү амал кайсы?”. Адамдар унчукпай калышты. Андан соң Пайгамбарыбыз айтты: “Тилди сактоо” (Шуъабул ийман).

Комментарий жиберүү