Ашказандын туткуну болуу

Ким дайыма тамакты ойлосо акылын напсине туткун кылат. Ашказанга туткун болуу акылды жана аң-сезимди кетирет. Ким аз жеш менен жарышса олуяларга кошулат. Көп жеген семиз болот, жүрөк үйү мазар болот. Сени көтөрө турганчалык тамак же, сен аны көтөрө турганчалык жебе! Муну жакшы билип кой, тамакты сен жейсиң, тамак сени жебесин! Эгер сен аны жесең, баары дарман болот. Эгер тамак сени жесе, баары дарт жана түтүн болот. Мен адаммын деш керек, жеш үчүн жашабаш керек, жашоо үчүн жеш керек. Орозо дененин зекети, көп жеген адамдын ден соолугу начарлайт, мээрими азаят, күч-кубаты түгөнөт. Аз жеш – дененин эс алуусу, аз уктоо – рухтун рахаты.

Көп жеш менен жүрөгүңдү өлтүрбө, шайтанга күлкү болбо! Көп жеш дене мүчөлөрүн көп иштетип алсыратат, дарыланууга дарыгерди издетет. Көп жеген адам чындыкты көрө албайт, арамдардан сактана албайт. Арам жегендин иштери арамга багытталат, бардык балээ арамдан келет. Адалдан дагы ашыкча жегендин сөздөрү орунсуз болот, дагы көздөрү ибрет албастан карайт. Көп жеш көп энергия болот деп айтпа, көп жегендин түшүнүгү кем болот.

Көп жеген адамдын ибадаты аз болот, адептен жана бакыттан куру калат. Көп жеген адамдын көзү тойбойт, ибадаттын зоокун сезбейт. Көп жеш бардык дарттын уругу, аз жеш болсо ар бир адамдын дарысы.

Аз же, аз укта, аз сүйлө, нематка ушинтип жетишилет. Көп жегендин напси тирүү (жандуу), көңүлү уктайт, үнү чыкпайт. Көңүлдү ойготуу үчүн бул убадага туруп, аз жеп напсини уктатуу керек. Көп жеген адам жаман ойдо болот, ар дайым күнөөгө жакын болот. Кайдыгер болгуң келсе, токтобо, курсагыңды тойгуз. Анткени, ток жаткан адам көп уктайт. Көп жегенди унутуу керек, тез-тез орозо кармоо керек.

Комментарий жиберүү