Агрессияга тиешелүү жооп кайтарылат. Ирандын жетекчилиги Израилдин чабуулуна комментарий берди

Агрессияга тиешелүү жооп кайтарылат. Ирандын жетекчилиги Израилдин чабуулуна комментарий берди

Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи жана президенти Масуд Пезешкиан Израилдин чабуулуна комментарий беришти. Аятолла Али Хаменеи Израиль Иранга сокку урууда жаңылып калганын айтты. Бул туурасында ал шейит болгон коопсуздук күчтөрүнүн үй-бүлөлөрү менен жекшембиде болгон жолугушууда билдирди. Ал өз сөзүндө Израилдин Иранга жасаган соккусун ашыкча баалоого ошол эле учурда эч нерсе болгон жок деп көңүлгө албай коюуга да болбой турганын айтты. “Алар (Израиль – ред.) Иранга байланыштуу жаңылыш эсептөөлөрдү жасашты. Анткени алар Иранды жана Ирандын жаштарын жана…

Прочитайте больше

Хаменеи: ХАМАСтын жана Хезболланын лидерлери Синвар менен Насрулланын эрдиги аймактын тагдырын өзгөрттү

Хаменеи: ХАМАСтын жана Хезболланын лидерлери Синвар менен Насрулланын эрдиги аймактын тагдырын өзгөрттү

Батыш Азиядагы (Жакынкы Чыгыш ред.) каршылык фронтунун жана анын ХАМАС кыймылынын Саясий бюросунун жетекчиси Яхья Синвар менен ливандык Хезболла кыймылынын лидери Хасан Насрулла сыяктуу лидерлеринин күрөшү аймактын тагдырын өзгөрттү. Бул тууралуу Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи Фарс провинциясынын шейиттер фондунун өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда билдирди. Хезболла кыймылынын лидери Хасан Насрулла 27-сентябрда Ливандын борбору Бейруттун түштүк бөлүгүндө Израилдин максаттуу аба соккуларында каза болгон. Ал эми ХАМАС кыймылынын Саясий бюросунун жетекчиси Яхья Синвар 17-октябрда Израиль армиясынын (ЦАХАЛ) Газанын Рафах шаарында жасаган…

Прочитайте больше

Ирандын жогорку лидери: ХАМАС тирүү жана жашай берет

Ирандын жогорку лидери: ХАМАС тирүү жана жашай берет

Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи Израилдин чабуулунда шейит болгон ХАМАСтын Саясий бюросунун жетекчиси Яхья Синвардын өлүмү “Каршылык огун” токтотпой турганын айтты. “ХАМАС тирүү жана жашай берет”, – деп Хаменеи мусулман элдерине жана аймактагы эр жүрөк жаштарга кайрылып жатып билдиргенин анын khamenei.ir расмий сайты жазды. Ирандын Жогорку лидери бүт өмүрүн баскынчы душманга жана эзүүчүгө каршы күрөшкө арнап өткөн Яхья Синвардын жасаган иштерин жогору баалады. “Мужахид-баатыр колбашчы Яхья Синвар өзүнүн шейит шериктерине кошулду. Ал Каршылык көрсөтүүнүн жана Жихаддын эң мыкты…

Прочитайте больше

Хаменеи Израилге эскертүү берди

Хаменеи Израилге эскертүү берди

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун Израилге каршы массивдүү ракеталык чабуулу менен бир убакта Ислам революциясынын Жогорку лидери аятолла Али Хаменеи өзүнүн X соцтармактагы баракчасына иврит тилинде билдирүү жасады. Хаменеи өз билдирүүсүндө Израилге каршы исламдык каршылык көрсөтүү күчтөрүнүн чабуулдары дагы масштабдуу боло турганын эскертти. “Сионисттик режимдин (Израиль – ред.) чирип бараткан денесине каршылык көрсөтүү фронтунун соккулары дагы катуу болот”, – деп жазды аятолла. 1-октябрдын кечинде Иран ракеталар менен Израилдин аймагына массалык сокку урду. Ислам революциясынын сакчылар корпусунун башкы…

Прочитайте больше

Бир катар өлкөлөр “Хезболланын” лидеринин өлүмүнө байланыштуу Ливанга көңүл айтышты

Бир катар өлкөлөр “Хезболланын” лидеринин өлүмүнө байланыштуу Ливанга көңүл айтышты

Өткөн аптадан бери Израилдин аба күчтөрү Ливандын ар кайсы аймактарына массивдүү соккуларды  урууда. 27-сентябрда Ливандын борбору Бейруттун түштүк бөлүгүндө максаттуу аба соккулары жасалып, анын натыйжасында “Хезболла” кыймылынын жогорку даражалуу командирлери, анын ичинде кыймылдын көп жылдардан берки лидери Хасан Насрулла каза тапкан. Кыймыл 28-сентябрда Насрулланын өлүмүн расмий тастыктаган. “Хезболла” кыймылынын лидеринин өлүмүнө байланыштуу Батыш Азиядагы бир катар өлкөлөр Израилдин бул аракетин айыптап, Ливан элине жана “Хезболла” кыймылына көңүл айтып жатышат. Палестина  Палестинанын улуттук администрациясынын лидери Махмуд Аббас ишемби күнү ливандык…

Прочитайте больше

Хаменеи ислам өлкөлөрүн Израиль менен экономикалык байланыштарды үзүүгө чакырды

Хаменеи ислам өлкөлөрүн Израиль менен экономикалык байланыштарды үзүүгө чакырды

Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи бардык ислам өлкөлөрүн Израиль менен саясий мамилелерди чектөөгө жана аны менен экономикалык байланыштарды үзүүгө чакырды. Бул тууралуу Ирандын лидери Тегеранда бир катар мамлекеттик кызматкерлер, ислам өлкөлөрүнүн элчилери жана “Ислам биримдиги” эл аралык конференциясынын катышуучулары, ошондой эле коомдун түрдүү тармактары менен жолугушууда билдирди. Хаменеи Израилдин Газа тилкеси, Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги операциялары ошондой эле Ливан менен Сирияга кол салуулары тууралуу айтып жатып, «Бүгүн сионисттик режим уялбастан жана ачыктан-ачык кылмыш кылууда», – деп…

Прочитайте больше

Газада набыт болгондор 39 миңден ашты. Ал жердеги урандыларды тазалоого эле 10 жыл керектелери айтылды

Газада набыт болгондор 39 миңден ашты. Ал жердеги урандыларды тазалоого эле 10 жыл керектелери айтылды

Израилдин Газа тилкесине жасаган соккуларынан каза болгондордун саны 39 миңден ашканын Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. «Өткөн жылдын 7-октябрынан бери Израилдин агрессиясынын курмандыктарынын саны 39 006га жетип, 89 818 адам жарадар болду», – деп айтылат Газанын Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсүндө. Министрликтин билдирүүсүндө ошондой эле Газада акыркы 24 саатта Израилдин кол салууларынан 23 киши каза болуп, 90дон ашууну жаракат алганы белгиленди. 17-июлда Палестинанын БУУдагы туруктуу байкоочусу Рияд Мансур Газа тилкесинде болуп жаткан окуялар тарыхтагы эң документтештирилген геноцид экенин…

Прочитайте больше

Аятолла Хаменеинин Газаны колдоп чыккан америкалык студенттерге тилектештик билдирүүсү

Аятолла Хаменеинин Газаны колдоп чыккан америкалык студенттерге тилектештик билдирүүсү

Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи палестиналыктарды колдоп чыккан америкалык университеттердин студенттерине кайрылуу-кат жазып, анда алардын Палестина элин коргоодогу позициясын жогору баалады.

Прочитайте больше

“D-8” жыйыны: Иран ислам өлкөлөрүн Израилге соода бойкотун жарыялоого чакырды

“D-8” жыйыны: Иран ислам өлкөлөрүн Израилге соода бойкотун жарыялоого чакырды

8-июнда Түркиянын Стамбул шаарында “D-8” деп аталган өнүгүп келе жаткан сегиз ислам өлкөсүнүн тобу Газа боюнча кезексиз жыйын өткөрдү. “D-8” же Ислам сегиздиги 1997-жылы Стамбулда Түркиянын премьер-министри Нежметтин Эрбакандын (1996-1997) демилгеси менен түзүлгөн. Ага Индонезия, Иран, Бангладеш, Пакистан, Түркия, Малайзия, Египет жана Нигерия кирет. Жыйында сөз сүйлөгөн Ирандын ТИМ башчысынын милдетин аткаруучу Али Багери израилдик оккупация толук жок кылынмайынча жана өзөктүк куралсыздандырылмайынча Батыш Азияда тынчтык, туруктуулук жана толук жана чыныгы коопсуздук орнобой турганын билдирди. Соңунда ал Палестина…

Прочитайте больше

Иранда Ислам республикасынын негиздөөчүсү Хомейнини эскерип жатышат. Сүрөт

Иранда Ислам республикасынын негиздөөчүсү Хомейнини эскерип жатышат. Сүрөт

Бүгүн, 3-июнь Иран боюнча Ислам республикасынын негиздөөчүсү Имам Рухулла Хомейнинин дүйнөдөн кайткандыгынын 35 жылдыгы белгиленип жатат. Жыл сайын бул күнү өлкөнүн бардык аймагында ислам революциясынын шыктандыруучусунун өмүрүнө жана ишмердүүлүгүнө арналган эл аралык конференциялар, семинарлар жана форумдар өткөрүлөт. Хомейнинин мавзолейинде жекшемби күнү өткөн эскерүү иш-чарасына жогорку даражалуу адамдар, анын ичинде өлкөнүн убактылуу президенти Мохаммад Мохбер катышты. Бул күнгө карата Ирандын Жогорку лидери Али Хаменеи да сөз сүйлөйт.   1 of 6 -+ Ислам революциясынын лидери 1989-жылдын 3-июнунда…

Прочитайте больше

Парижде Израилдин Рафахтагы соккуларына каршы массалык нааразылык акциясы өттү

Парижде Израилдин Рафахтагы соккуларына каршы массалык нааразылык акциясы өттү

Израилдин Рафах шаарындагы качкындар баш калкалаган лагерине кол салуусунан кийин Франциянын баш калаасында миңдеген адамдар палестиналыктарды колдоп митингге чыгышты. Массалык нааразычылык акциясы Париждеги Израиль элчилигинен алыс эмес жерде өткөрүлдү. Израиль БУУнун Эл аралык соту Рафах шаарындагы аскерий операцияны токтотууга милдеттендиргенине карабастан Рафахкол кол салууларын улантууда. Израилдик күчтөр Рафахтагы чатырлар лагерине чабуулду 26-май күнү кечинде жасаган. Жөөт мамлекетинин премьер-министри Биньямин Нетаньяху “кайгылуу окуя” деп мүнөздөгөн бул ырайымсыз кол салууда кеминде 45 киши каза болду, алардын көбү аялдар жана…

Прочитайте больше

Иран президент Ибрахим Раиси менен коштошуп жатат. Сүрөт

Иран президент Ибрахим Раиси менен коштошуп жатат. Сүрөт

Ирандыктар авиакырсыктан каза тапкан өлкө президенти Ибрахим Раиси, Тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиан жана башка делегациянын мүчөлөрү менен коштошуп жатышат. Авиакырсык 19-майда өлкөнүн түндүк-батышында Верзеган аймагында болгон. Тик учакта Раисиден жана Абдоллахияндан тышкары, Тебриз шаарынын башкы мечитинин имамы, Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору Малик Рахмати жана дагы беш киши (жансакчылар жана экипаждын мүчөлөрү) болгон. Кырсыктан эч ким тирүү калган эмес. Орду толгус оор жоготууга байланыштуу 20-майда өлкө боюнча беш күндүк аза күтүү жарыяланган. Аза күтүү…

Прочитайте больше

Оор жоготуу! Дүйнө Иранга көңүл айтууда

Оор жоготуу! Дүйнө Иранга көңүл айтууда

Дүйнө өлкөлөрү Ирандын президенти Ибрахим Раисинин жана анын сапарлаштарынын, анын ичинде Тышкы иштер министри Хусейн Амир Абдоллахияндын тик учак кырсыгында каза табышына байланыштуу иран элине көңүл айтып жатышат. Иран президенти бараткан тик учак 19-майда катаал аба ырайынын кесепетинен өлкөнүн түндүк-батышындагы Верзеган аймагына кулап, учактын калдыктары бүгүн 20-май эртең менен табылган. Тик учакта Ибрахим Раисиден тышкары, тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян, Тебриз шаарынын башкы мечитинин имамы, Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору Малик Рахмати жана дагы беш киши (жансакчылар жана экипаждын мүчөлөрү) болгон. Кырсыктан аман…

Прочитайте больше

Израиль Рафахта операция баштады. Учурда эмнелер белгилүү

Израиль Рафахта операция баштады. Учурда эмнелер белгилүү

Израилдин Коргоо армиясы (ЦАХАЛ) Рафах шаарында аскердик операция башталганын жана Газа тилкесинин Египет менен чек арасындагы чек ара бекетин көзөмөлгө алганын жарыялады. Израилдин аскерлери шаардын чыгыш тарабына кирип, чек арадагы  көзөмөл-өткөрмө бекетинен тургундардын жана гуманитардык жардамдардын өтүшү токтотулду. БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Израилди аймактагы чыр-чатактын курчушун токтотууга жана Газадагы ок атууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө конструктивдүү катышууга чакырды. Рафахтагы кырдаал 6-майда Израил армиясы Рафах шаарынын Израиль менен чек арага жакын чыгыш тилкесиндеги тургундарын башка жакка кетүүгө,…

Прочитайте больше

Израилге каршы нааразычылыктар АКШнын ири университеттерин каптады: кагылышуулар жана камоолор

Израилге каршы нааразычылыктар АКШнын ири университеттерин каптады: кагылышуулар жана камоолор

Американын алдынкы университеттеринин кампустарында Израилге каршы демонстрациялар уланып жатат. Бир нече жума мурун кырдаал көзөмөлдөнүп тургандай сезилген, бирок азыр кээ бир колледждерде митингдер кагылышуулар жана камоолор менен коштолуп жатат. Учурда Палестинаны колдоо жана Израилге каршы нааразычылык акциялары 23 университетте жана колледжде уланууда, алардын көпчүлүгү өлкөнүн элиталык окуу жайларынын катарына кирет: Массачусетс технологиялык институту, Колумбия университети, Гарвард, Йел, Принстон (акыркы төртөө атактуу Плюща лигасына кирет), Мичиган университети, Беркли ж.б. Студенттер чатыр лагерлерин куруп, митингдерди өткөрүшүүдө. Алар…

Прочитайте больше
1 2 3 11