Азербайжан элчилигиндеги куралдуу колсалууга Борбор Азия өлкөлөрүнүн реакциясы

 Кечээ, 27-январда Азербайжандын Ирандагы элчилигине куралдуу кол салуу болгон. Окуядан элчиликтин коопсуздук кызматынын башчысы каза болуп, дагы эки кызматкер жаракат алган. Ок чыгарган адам дароо кармалган.

Шектүү сурак учурунда кылмышты жеке жана үй-бүлөлүк көйгөйлөрдүн негизинде жасаганын айтты.

Окуядан кийин Ирандын Бакудагы элчиси Сейед Аббас Мусави Азербайжандын Тышкы иштер министрлигине чакырылды.

Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиан дароо азербайжандык кесиптеши Жейхун Байрамов менен байланышып, колдоо сөздөрүн айтып, көңүл айтты.

Бул окуяга Борбор Азия өлкөлөрү кандай реакция кылганы тууралуу материалдан окуңуз.

Казакстан

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп Казакстан реакция жасап, республиканын Тышкы иштер министрлиги элчиликке жасалган куралдуу кол салууну айыптады.

“Казакстан дипломатиялык өкүлчүлүктөргө жана алардын өкүлдөрүнө карата зордук-зомбулуктун жана агрессиянын ар кандай көрүнүштөрүн кабыл алынгыс деп эсептейт. Биз мындай чабуулдар эл аралык укуктун принциптерин жана нормаларын бузат деп эсептейбиз жана жалпы айыпталат”, — деп айтылат Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

Министрлик боордош Азербайжан элине, ошондой эле окуяда каза болгон Азербайжан жараны Орхан Аскеровдун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалады.

“Иран бийлиги бул окуяны кылдат иликтеп, күнөөлүүлөрдү жазалоо үчүн тиешелүү чараларды көрөрүнө ишенебиз”, – деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.

Өзбекстан

Өзбекстандын Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Бахтиёр Саидов Азербайжандын Ирандагы элчилигинде болгон кол салууга байланыштуу Азербайжандын Тышкы иштер министри Жейхун Байрамовго телефон чалган. Бул тууралуу Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Өзбекстандын Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу элчиликке жасалган кол салууну кескин айыптап, каза болгон элчиликтин кызматкеринин жакындарына жана боордош Азербайжан элине көңүл айтып, тилектештигин билдирди.

Бирок мындай маалымат Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында азырынча жок.

Кыргызстан

27-январында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Азербайжандын Тышкы иштер министри Жейхун Байрамовдун ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүү болду.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Азербайжандын Тегерандагы элчилигине болгон куралдуу кол салууну талкуулашты.

Министр Кулубаев Азербайжан элчилигинин кызматкеринин каза болгондугуна байланыштуу азербайжан тарапка көңүл айтып, окуя учурунда жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалады.

Ал эми Тажикстан менен Түркмөнстандын бийликтери бул окуяга азырынча эч кандай реакция кыла элек жана бул боюнча эч кандай билдирүү жасай элек.

Дипломатиялык өкүлчүлүккө жасалган чабуулуга көптөгөн өлкөлөр жана эл аралык уюмдар, анын ичинде Россия, АКШ, Түркия, ЕБ, БУУ, ЕККУ да реакция кылышты.

Түркия

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Тегерандагы Азербайжан элчилигине жасалган куралдуу кол салууну айыптады.

“Азербайжандын Ирандагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнө коопсуздук кызматкеринин өлүмүнө алып келген кара ниет кол салууну катуу айыптайм. Түркия дос жана боордош Азербайжандын жанында!”, — деп жазды түрк лидери Твиттердеги баракчасына.

Комментарий жиберүү