БУУнун Баш катчысы интернетке чектөө киргизүүгө чакырды

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш интернетте жек көрүүнүн жана жалган маалыматтардын жайылышын алдын алуу үчүн интернетке чектөөлөрдү киргизүүгө чакырды. 

Бул тууралуу чет өлкөлүк ЖМКлар жазды. 

Мындай чакырык менен ал маалыматтык экосистемага таасири бар бардык адамдарга: өкмөттөргө, саясатчыларга, журналисттерге жана технологиялык компанияларга кайрылды. 

«Жек көрүүнү токтоткула. Чектөөлөрдү киргизгиле. Интернеттин көптөгөн бутактары жек көрүүнүн жана каардуу калптын уулуу сактагычтарына айланып баратат», – деди Гутерриш Холокостту эскерүүнүн эл аралык күнүнө арналган салтанатта сүйлөп жатып. 

Ал ошондой эле, коомдук маалыматтын бүтүндүгүн камсыздоо үчүн жүрүм-турум кодексин кабыл алууну сунуштады. 

БУУнун Баш катчысы адамдардын тандоосу ойдон чыгарылган эмес, фактылардын негизинде гана болушу керектигин эске салды. 

Гутерриш ошондой эле, бүгүнкү күндө жек көрүүнүн санариптик платформаларга жайылышына жол бербөө абдан маанилүү экенин айтты.

Комментарий жиберүү