Тажикстандын кол салуусу боюнча тергөө иштери жүрүп жатат

Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуу – кандуу окуя боюнча кылмыш иши козголуп, ушул тапта тергөө топтору тергөө иштерин кызуу жүргүзүп жатышат.

Бул туурасында Жогорку Кеңештин атайын жыйынында Аскер прокуратурасынын Тергөө кызматынан башчысы Акылбек Абдыраев депутаттарга маалымат берди.

Анын айтуусу боюнча, кылмыш ишинен бөлүнүп, сотко жиберилген адамдар дагы бар.

– Ушул тапта Аскердик прокуратуранын Баткен гарнизону тарабынан тергөө иштери  жүрүп жатат, — деп кошумчалады Аскер прокуратурасынын Тергөө кызматынан башчысы Акылбек Абдыраев.

Эскерте кетээрибиз: 2022-жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан тарап Кыргызстандын аймагын басып алууну көздөп, Баткен жана Ош облустарындагы чек ара заставаларын жана калкттуу конуштарына катарынан жана байкатпастан кол салган.

Кошуна мамлекеттин аскердик агрессиясынан 100дөн ашык кыргызстандыктар каза болуп, 50 миңден ашык адам үй-жайын таштап качууга мажбур болушкан. Тажик тарап Кыргызстандын аймагына кирип келип, адамдарды өлтүргөндөн тышкары үйлөрдү талап-тоноп, өрттөп, оор техникалар менен бузуп салган. Ал эми мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү 3 млрд. сомдон ашык суммага бааланды.

Комментарий жиберүү