Түркия НАТОдон чыгарылабы?

Батыш маалымат каражаттары Анкараны орус-украин чатагынан акча таап, Киевге Москваны жеңүүгө жардам бербей жатканын көп айыпташууда. Мезгил-мезгили менен түрктөрдү НАТОдон чыгаруу керек деген чакырыктар айтылып келет. Альянстагылар бул кадамга барышабы?

Курандын жана Эрдогандын сөлөкөтүнүн өрттөлүшү

Евробиримдик менен АКШ бир нече айдан бери Түркияны Швеция менен Финляндиянын Түндүк Атлантика блогуна кирүүсүнө макул болууга көндүрүүдө. Былтыр жайында интеграциянын шарттары боюнча жол картасына кол коюшкан. Швеция парламентинин башчысы Андреас Норлендин 17-январда Анкарага сапары бул маселени тездетиши керек болчу, бирок анын сапары токтотулду.

Буга Стокгольмда Күртстан жумушчу партиясы өткөргөн митинг жана даниялык саясатчынын Куранды өрттөшү себеп болгон.

13-январда Стокгольмдун борборундагы аянтка чыккан күрт активисттери Режеп Тайып Эрдогандын сөлөкөтүн өрттөшкөн.

Андан бир апта өткөндөн кийин 21-январда Стокгольмдо ашынган оңчул саясатчы Расмус Палудан Түркиянын элчилигинин алдында нааразылык акциясын өткөрүп, Куранды өрттөгөн. Акция Швеция бийлигинин уруксаты менен өткөн. Палудан муну менен Түркияга чыныгы сөз эркиндигин көрсөтүүнү каалаганын айткан.

Буга байланыштуу түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган Скандинавия өлкөлөрүн Европада диверсиялык иш-аракеттер үчүн плацдарманы сактап жатат деп айыптап, “күрт террорчуларын” өлкөдөн чыгаруу механизмин түзүүнү талап кылды.   Ал ошондой эле Швеция НАТОго кирүү үчүн Түркиянын колдоосун күтпөй эле койсо болорун айтып, эгер Швеция Түркияны, ошондой эле мусулмандардын диний сезимдерин сыйлабаса, НАТОго мүчө болуу үчүн Анкарадан эч кандай колдоо күтө албарын белгилеген.

Бирок Евробиримдиктин жетекчилиги Эрдогандын талабын “аткарууну” көз жаздымда калтырды. Эрдоганды бир гана Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто колдоду. Анын айтымында, минтип тамашалоого болбойт – бул президентти гана эмес, жалпы элди сыйлабагандык. Ал Стокгольмдагы акцияны “уятсыз жана жийиркеничтүү” деп атады.

Венгрия менен Түркия Швеция менен Финляндиянын блокко кабыл алынышына каршы чыккан НАТОнун жалгыз мүчөлөрү.

Бирок Венгриянын лидери Виктор Орбан Будапешт альянстын кеңейүүсүн февралдын орто ченинде, парламенттин биринчи сессиясы ачылганда колдой турганын убада кылды.

Ошол эле учурда Түркия президентинин басма сөз катчысы Ибрахим Калын шведдер менен финдердин убактысы аз калганын эскертти. Анын айтымында, эгер алар НАТОнун июль айындагы саммитине чейин интеграцияланууну кааласа, Анкара президенттик шайлоону белгилеген май айына чейин бардык даярдыктарды бүтүшү керек.

Түркиясыз НАТО

АКШнын улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Жон Болтон эгер Эрдоган кайра шайлана турган болсо, анда Түркиянын НАТОго мүчөлүгүн суроо алдына коюш керектигин айткан.  Мунун баары россиячыл позициянын айынан. Түрктөр Москвага каршы санкцияларды колдобой эле тим болбостон, Швеция менен Финляндиянын альянска киришине да тоскоол болушууда, деген Болтон британиялык “The Daily Telegraph” гезитиндеги макаласында.

“Жыйынтыгында “орус экономикасын талкалоого” эл аралык кысым жетишсиз болууда, ал арада украин капиталынын олуттуу бөлүгү “чаңга айланды”, – деп белгилеген саясатчы.

Жарым жыл мурун CNN телеканалынын баяндамачысы Дэвид Андельман да Түркияны НАТОдон чыгарууга чакырган. Ал мындай кептер биринчи жолу Анкара америкалык “Патриоттун” (Patriot) ордуна россиялык С-400 абадан коргонуу системаларын сатып алгандан кийин башталганын белгиледи. Финляндия жана Швеция менен болгон көйгөйлөр кырдаалды ого бетер курчутту. Андельман түрктөрдүн чыгарылышына альтернатива катары альянстын реформасын деп атады, ал негизги чечимдерди кабыл алууда жамааттык макулдук принцибин жокко чыгарат.

“Түркиясыз НАТО” деген тема чындап эле бир нече жылдан бери көтөрүлүп келет. Мисалы, 2019-жылы немис маалымат каражаттары Анкараны Сириянын түндүгүндөгү аскердик операциясы үчүн сындашкан. Бундестагдагы социал-демократиялык партиясы лидери Рольф Мютцених “Der Spiegel” басылмасына НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Анкаранын Сирияга кирүүсүнүн кесепеттерине баа бериши керектигин жана анын ишенимдүү өнөктөш экенинен күмөн санаганын айткан. Мындан тышкары, YouGov аналитикалык компаниясынын сурамжылоосу боюнча немистердин 58%ы Түркияны НАТОдон чыгарууну колдогон.

Бирок түрктөрдү альянстан чыгаруу мүмкүн эмес – андай механизм жок. Анкара өзү кетерин жарыялай алат, бирок бул учурда да калган мүчөлөр менен макулдашуунун узак процедурасы болот. Түркиянын НАТОдо экинчи чоң армияга ээ экенин эске алганда, бул Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн коопсуздугуна олуттуу сокку болмок.

Түркия альянстан чыгышы керек

Түркиянын альянстан чыгуусун 2015-жылы түзүлгөн, 20 миңден ашуун мүчөсү бар түркиялык “Ватан” партиясы колдойт. Анын лидери Догу Перинчек НАТО менен АКШ Анкаранын душманы, ошондуктан алар канчалык күчтүү болсо, түрктөр үчүн ошончолук жаман болот деп эсептейт. Саясатчы буга чейин Түркиядагы америкалык базаларды жабууну жактап, Россиянын Украинада атайын операциясын баштоону колдогон.

Бирок 18-январда Коргоо министри Хулуси Акар Анкара альянска эч качан каршы болбогонун британиялык “Financial Times” гезитине берген маегинде билдирген. Ошол эле учурда ал НАТОну түрктөрсүз элестете албасын, бирок уюмдун калган мүчөлөрүнүн да аларды угушун каалай турганын баса белгилеген.

Кечээ, 25-январда “Ватан” партиясынын төрагасынын орун басары Этем Санчак Түркия НАТОдон чыгышы керектигин айтты. Ал НАТО өзүнүн чагымчылдыгы менен Түркияны бул кадамга барууга мажбурлап жатканын айтып, өлкөсү 5-6 айдан кийин НАТОдон чыгып кетерин билдирди.

“Швеция менен Нидерланддын Куранга каршы жасаган акциясын көрүп жатасыңар. НАТОдон чыгып кетүү – биз үчүн токтоосуз жана милдеттүү түрдө жасай турган иш болуп калды”, – деп билдирген ал.

Ал эми тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Швеция менен Финляндиянын аскердик блокко кошулуу процесси Анкара менен Вашингтондун F-16 согуштук учактары боюнча келишими менен байланыштырылбашы керектигин белгилеген. Муну менен ал финляндиялык кесиптеши Пекка Хаавистонун учактар ​​боюнча сүйлөшүүлөр интеграцияны тездетет деген сөзүнө жооп берген.

Эске салсак, Түркия Россиядан С-400 комплексин алгандан кийин АКШ Түркияга F-35 согуштук учактарын берүүдөн баш тарткан. Эми Анкара мурунку муундагы учактарды алууга үмүт кылууда.

Эксперт: Түркия НАТО үчүн өтө маанилүү

Эксперттердин пикиринде, Түркияны НАТОдон чыгаруу тууралуу кептер менен альянстагы өлкөлөр Анкараны ыкка тез көндүрүүгө аракет кылууда. Бул учактарды жеткирүү боюнча келишим сыяктуу эле кысымдын  бир куралы. Ошол эле учурда дүйнөдөгү эң күчтүүлөрдүн бири болгон түрк армиясынан эч ким олуттуу түрдө кутулууну каалабайт.

“Түркия альянс үчүн өтө маанилүү өлкө. Анкара көп учурда өз милдеттенмелерин өтө эркин чечмелеген күндө да, алар ага кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизишет”, – дейт “Россия глобалдык саясатта” журналынын башкы редактору Федор Лукьянов.

Анын айтымында, НАТОдо көптөр Анкаранын өтө көз карандысыз позициясына нааразы. Бирок алардын дооматтары чечүүчү чечимдерди кабыл албаган массалык маалымат каражаттарынын же саясатчылардын деңгээлинде гана угулат.

Россиянын Жогорку экономикалык мектеби улуттук изилдөө университетинин европалык жана эл аралык комплекстик изилдөөлөр борборунун директорунун орун басары Дмитрий Суслов Түркия өз алдынча аракеттенген НАТОдогу саналуу өлкөлөрдүн бири деп эсептейт.

«Эгер аны жүрүм-турумун өзгөртүүгө мажбурлашса, бул альянстын аброюна олуттуу сокку болот жана ал АКШнын сателлиттер союзуна айланат, бул башка мүчөлөргө жакпайт. Ошондуктан, Түндүк Атлантика блогу менен Түркиянын мамилеси канчалык чыңалбасын, аны альянстан эч ким чыгарбайт”, – деп эсептейт эксперт.

Суслов белгилегендей, НАТО менен Россиянын ортосунда аскердик жаңжал чыккан учурда Түркия ага катышуудан баш тартышы мүмкүн. Мындай прецеденттер болгон. Мисалы, 2000-жылдары Франция менен Германия Иракка басып кирүүгө каршы болсо, 2011-жылы Берлин блоктун Ливиядагы операциясын колдогон эмес.

Мындан тышкары, саясатчы Түркия альянс менен Россиянын ортосунда ортомчу катары иш алып барарын эске салды.

Булак: РИА Новости

Комментарий жиберүү