АКШдан Кыргызстанга почта аркылуу марихуана жеткирилген канал аныкталды. Видео

 АКШдан Кыргызстанга эл аралык почта аркылуу ири көлөмдө марихуана ташыган трансулуттар аралык топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Бул тууралуу Бажы кызматынын маалымат кызматы билдирди.

“«Манас» бажысынын кызматкерлери КР ИИМ БМЖККК жана УКМК кызматкерлери менен биргеликте ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө эл аралык почта компаниясы аркылуу АКШдан «марихуана» баңги затын жеткирген туруктуу каналды түзгөн трансулуттар аралык топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюшту жана жок кылышты”, – деп айтылат маалыматта.

Табылган «марихуана» баңги затынын жалпы салмагы 2 кг 99 граммды түзгөн.

Мындан тышкары, батирде тинтүү жүргүзүлүп, андан ары жашыруу үчүн баңги заттары жана маскировка каражаттары алынган.

Натыйжада Telegram мессенджери аркылуу саткан, бул каналдын уюштуруучулары КР жарандары «И.А.» жана «А.А.» кармалган.

Учурда бул иш боюнча бардык материалдар ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилип, тергөө амалдары иш-аракеттери жатат.

https://www.facebook.com/plugins/video.php?height=476&href=https%3A%2F%2Fwww.facebook.com%2Fcustomskg%2Fvideos%2F1691707464579337%2F&show_text=false&width=476&t=0

Комментарий жиберүү