АКШ Талибанга 7,2миллиард долларлык курал-жарак калтырган

Америка Кошмо Штаттары 2021-жылдын жай айларында Ооганстандан аскерлерин чыгарып кеткенде, алардын курал-жарак, аскердик техника жана жабдыктары өлкөнүн жаңы бийлигинин карамагында калган.

Курал-жарактын жалпы суммасы кеминде 7,2 миллиард доллар деп болжонгон. Бул тууралуу АКШнын Ооганстанды калыбына келтирүү боюнча атайын инспектору Жон Сопконун баяндамасында айтылганын The Wall Street Journal жазды.

Мындай отчет ооган армиясынын тез жеңилүүсүнүн жана өлкөнү талиптердин тез басып алуусунун себептерин түшүнүү максатында АКШ Конгрессинин атынан жазылган.

Ооганстанда калган жабдуулардын арасында учактар, ракеталар, байланыш каражаттары жана биометрикалык аппараттар бар. Келген жүктөрдү эсептеген электрондук база иштен чыгып калгандыктан, кароосуз калган жабдууларды так баалоо кыйынга турган. Ал эми ооган армиясы менен кызматташтыгынын жыйырма жылында эле АКШ ага 18,6 миллиард доллардай жардам көрсөткөн.

Ооган бийлиги Жо Байдендин администрациясынан аскерлерди өлкөдөн чыгаруу чечимин күткөн эмес, деп айтылат маалыматта.

Америкалык аскерлердин жайгаштырылган жеринен чыгып кетиши “АКШ Ооганстанды болочок Талибандын өкмөтүнө өткөрүп берип жатат” деген ойду жараткан.

Башкы инспектордун айтымында, ооган күчтөрү жүк жана техникалык тейлөө боюнча америкалык подрядчыларга көз каранды болгон, бул НАТОнун аскерлери өлкөдөн чыгып кеткенде бир топ кыйынчылыктарды жараткан.  

«Жада калса америкалык аскерлер Ооганстандагы контрагенттерди колдоону токтотуунун маанилүүлүгүн баалабай коюшкан», – деп айтылат документте.

Инспектор ошондой эле, Ооганстанда кетирилген катачылыктардын кайталанышына жол бербөө үчүн Украинага азыркы аскердик жардам дагы катуу көзөмөлгө алынышы керек деген оюн билдирди. Каатчылык маалында каражатты мүмкүн болушунча кечирээк камсыз кылуу жана алардын чыгымдалышына көзөмөлдү кийинкиге калтыруусу түшүнүктүү, бирок бул мамиле көп учурда “маселени чечкенден да көп көйгөйлөрдү жаратат” деп айтылат документте.

“Учурда болуп жаткан чыр-чатакты жана Украинага болуп көрбөгөндөй көлөмдөгү курал-жарактарды жөнөтүүнү эске алганда, кээ бир жабдыктардын кара базарга түшүп же туура эмес колго өтүү коркунучу болушу мүмкүн”, – деп эскертти ал.

АКШ менен НАТО 2021-жылдын апрелинде Ооганстандан аскерлерин чыгара баштаган. Июль айына карата чет элдик аскер кызматкерлеринин 90 пайызы өлкөдөн чыгып кеткен. Байден анын алдында  эки тандоо турганын түшүндүргөн: АКШны өлкөгө күнүнө 150-300 миллион доллар чыгым келтирген 20 жылдык согуштан чыгаруу, же америкалык күчтөрдүн санын көбөйтүп, өнөктүктү улантуу.

«Мен бул убакыт аралыгындагы жоготууларды  эске алдым, Ооганстанда болгон учурда 2448 америкалык каза болуп, 20,722 жарадар болду. Мындан улам мен согушту токтотууну чечтим», – деген Байден.

2021-жылдын август айынын башында Талибан кыймылы ооган өкмөттүк күчтөрүнө каршы чабуулун күчөтүп, 15-августта Кабулга кирип, эртеси согуш аяктаганын жарыялаган.

Август айынын акыркы эки жумасында америкалык аскерлердин коргоосунда турган Кабул аэропортунан Батыш жарандарын жана алар менен кызматташкан оогандыктарды массалык түрдө эвакуациялоо жүргүзүлгөн.

Америкалык аскерлер 31-августка караган түнү Кабулдун аэропортунан толук чыгып кеткен.

Сентябрдын башында Мухаммед Хасан Ахунд башында турган Ооганстандын убактылуу өкмөтүнүн курамы жарыяланган.

Комментарий жиберүү