АКШда полициянын колунан бир адамдын каза табышы нааразылык акцияларын тутантты

АКШнын Теннесси штатынын Мемфис шаарында полиция кызматкерлери Тайр Николсту машинаны этиятсыз айдагандыгы үчүн токтотуп, сабашкан.

Николс мындан көп узабай каза тапкан. Аны сабаган видео интернетке тарагандан кийин миңдеген америкалыктар полициянын зордук-зомбулуктарына каршы нааразылык акциясына чыгышты. Беш офицерге адам өлтүрүү боюнча айып тагылды.

Январь айынын башында кара терилүү жана ак терилүү полиция кызматкерлери 29 жаштагы Николсту автоунаасын этият айдабаганы үчүн токтотушкан. Кийин Мемфис шаарынын полиция департаментинин жетекчиси Николстун эреже бузбаганын айткан.

Шаардын полициясы Николстун өлүмүнө байланыштуу төрт видео жарыялаган. Видеодо аны бетке, башка дубинка, муштум менен урган, тепкилеген учурларды көрүүгө болот. Жерге жатып калган Николс апасын чакырган. Полиция кызматкери анын колуна кишен салгандан кийин дагы эки жолу башка тебишкен. Офицерлердин эч кимиси Николско жардам берүүгө аракет кылган эмес.

Ноколсту сабалгандан кийин жарым саат өткөндө гана оорукагана жеткиришкен. Үч күндөн кийин ал каза болгон. Көз карандысыз экспертиза жана Ноколстун үй-бүлөсүнүн адвокаты маркум алган жараатынан улам кансыраганын билдирди.

Беш полиция кызматкери кызматтан алынып, аларга киши өлтүрүү боюнча айып тагылды.

Николсту өлтүргөн видео тарагандан кийин миңдеген америкалыктар полициянын зордук-зомбулуктарына каршы нааразылык акциясына чыгышты. Кийинки масштабдуу акция Мемфисте жана АКШнын бери дегенде жети ири шаарында, анын ичинде Вашингтон жана Нью-Йоркто өтөрү пландалууда.

Маркумдун апасы баласын сабаган видеолорду көрө албай койгон жана ал америкалыктарды нааразылык акциясын “тынч” өткөрүүгө чакырган. АКШнын президенти Жо Байден Ноколстун апасынын акцияны тынч өткөрүү чакырыгын колдой турганын айтып, акыйкат иликтөө жүргүзүүгө ишенимин билдирген.

2020-жылы 25-майда 46 жаштагы ынды кара Флойд Миннеаполисте полиция кызматкеринин колунан жан берген. Дерек Шовин аттуу тартип коргоочу анын моюнун тогуз мүнөттөн ашуун жерге ныгыра басып турган.

Флойддун өлүмү расизмге жана полициянын зордук-зомбулугуна каршы толкундоолордун башталышына түрткү болгон.

Комментарий жиберүү