Ирандын Жогорку лидери: «Батыштын капиталисттик түзүмү патриархалдык система болуп саналат»

Ирандын Жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи өлкөнүн таасирдүү аялдары менен болгон жолугушууда аял менен эркектин исламдагы орду, заманбап батыш дүйнөсүндө аялдардын укуктары кандай тепселип жаткандыгы тууралуу кеп кылды.

Хаменеи Ислам Республикасынын аялдар маселесинде Батыштын “эки жүздүүлөрүнө” карата позициясы коргонуу эмес, “талап кылуучу” позиция экенин, анткени заманбап батыш дүйнөсү, батыш философиясы жана учурдагы батыш маданияты ал жактагы аялдардын ар-намысы жана кадыр-баркы тепселенип жаткандыгына күнөөлүү экенин билдирди.  

Ал ислам баалуулуктарында эркек менен аялдын айырмасы жок экенин, тең укуктуу экенин белгиледи.

“Буга эч кандай шек жок. Башкача айтканда, адамдык жана исламий баалуулуктар жагынан аял менен эркектин айырмасы жок”, – деди рахбар.

Анын айтымында, исламдын аялга жана эркекке болгон көз карашы – инсанга болгон көз караш.

“Албетте, эркек менен аялдын өз ара милдеттери ар башка, бирок тең салмактуулук бар. Ислам эркек менен аялдын табигый өзгөчөлүктөрүнө таянат. Эркек менен аялда табиятында айырмачылыктар бар, денеде, рухта да, рухий маселелерде да айырмачылыктар бар. Жоопкерчиликтер ошол айырмачылыктарга пропорционалдуу”, – деди Иран лидери.

Хаменеи Батыштын капиталисттик түзүмүн патриархалдык система деп атап, Батыштын капиталисттик түзүмүндө капитал адамзаттан жогору турарын, ошондуктан, батыш дүйнөсүндө эркектер аялдарга караганда артыкчылыкка ээ экенин белгиледи.

Ал бүгүнкү күндө көптөгөн батыш өлкөлөрүндө аялдардын айлык акысы эркектердикинен аз төлөнүшүн кыянаттыктын бир түрү деди. Анын айтымында, батышта эркектер жасаган жумушту  аялдарга жүктөп, алар алсызыраак болгондуктан акчасын аз төлөшөт.  

“XIX жана XX кылымдарда аялдардын эркиндиги деген шылтоо менен аялдарды үйлөрүнөн алып чыгып, заводдорго иштетишип, айлык акыны аз төлөп пайдаланышкан”, – деди ал.

Аятолланын айтымында, алар аялдарга жана аялдын кадыр-баркына тийгизген бул соккулары менен аялдардын укуктарынын желегин көтөрүп жүрүшөт.

“Муну менен алар дүйнөдөгү аялдардын укуктарын пайдаланып жатышат. Буга карабай биз аялдарды колдойбуз, аялдардын укугун колдойбуз деп айтышат! Муну батыш тилинде аялдардын эркиндиги деп аташат”, – деди ал.

Хаменеи Батыштын бардык адеп-ахлактык жана адамдык чектерди бузганын жана бардык диндерде арам деп таанылган жалпы күнөөлөрдү мыйзамдаштырууга аракет кылып жатканын айтты.

“Бүгүнкү күндө батыш чөйрөсүндө сексуалдык соода, сексуалдык кулчулук жана башка ушул сыяктуу жаман көрүнүштөр бар. Буларга Исламда гана тыюу салынган эмес, алар бардык диндерде олуттуу тыюулардын катарына кирет, ага карабай  Батыш муну мыйзамдаштыруудан тартынбай жатат”, – деп сөзүн жыйынтыктады Ирандын руханий лидери.

Бегилей кетсек, бүгүнкү күндө Иранда аялдын ролу абдан чоң. Аялдар ар кыл тармактарда эмгектенип, коомдук турмушка активдүү катышып, өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымын кошуп келишет. Республикада аялдардын ролунун маанилүүлүгүнүн жогорулашы Ислам революциясынын жеңишинен кийин болгон.   

Революциядан кийин өлкөдө мыйзамдар кайра каралып, аялдардын саясий укуктарына жана бийликтеги ролуна өзгөртүүлөр киргизилген. Бүгүнкү күндө аялдар бийликтин дээрлик бардык бутактарында: өкмөттө жана парламентте – ошондой эле башка бутактарда да бар.

Бирок Батыш өлкөлөрү өздөрүндө аялдардын укуктары тепселенип жатканына карабай, ирандык аялдардын укуктары менен байланышкан маселелерди саясатташтырууга аракет кылып келишет.

Комментарий жиберүү