Кытай АКШны Украинадагы кырдаалды курчутуп жатат деп айыптады

Украин жаңжалынын курчушуна Вашингтон күнөөлүү. АКШ Киевди курал-жарак менен камсыздап, кризистик кырдаалды татаалдантып жатат.

Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мао Нин билдирди.

«Эгер АКШ чын жүрөктөн азыркы абалдын болушун каалабаса, бул кризис эң кыска мөөнөттө бүтмөк», – деди ал.

Ошондой эле, ал АКШ Кытайга каршы негизсиз айыптарды тынымсыз айтып жатканын белгиледи.

«Биз фактыларга таянбаган мындай чабуулдарды кабыл албайбыз жана Вашингтон кытай ишканаларынын мыйзамдуу кызыкчылыктарын эч кандай негиздерсиз бузуп жатканына сабыр менен карап отура албайбыз», – деп баса белгиледи ал.  

Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык коммуникациялар боюнча координатору Жон Кирби жума күнү АКШ Кытайды Россиянын Украинадагы атайын аскерий операциясын колдобоого чакырып жатканын билдирди.

Анын айтымында, Вашингтон АКШнын Москвага каршы санкциялык режимин бузган компанияларга, анын ичинде кытайлык компанияларга каршы чара көрүүгө ниеттенүүдө.

Ошондой эле, жакында АКШнын Аскердик Аба күчтөрүнүн генералы Майк Минихан кол алдындагыларга жазган меморандумунда АКШ 2025-жылы Кытай менен согуша турганын жазган.

«Мен жаңылып жатам деп үмүттөнөм. Менин туюмум 2025-жылы согушабыз деп айтып жатат. Кытай бийлиги 2024-жылдагы АКШдагы президенттик шайлоону Тайванды көзөмөлгө алуу операциясын баштоо үчүн колдонушу мүмкүн» – деди ал.

Минихан ошондой эле, өзүнүн кол алдындагыларды февралдын аягына чейин Кытай менен согуштук аракеттерге даярдык көрүү чаралары жөнүндө отчет берүүгө чакырды.

Комментарий жиберүү