ТҮРКСОЙдун 30жылдыгына карата бир катар иш чаралар өтөт

 2023-жылы эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун түзүлгөндүгүнө 30 жыл толот.

Ага карата дүйнө жүзүндөгү түрк тилдүү мамлекеттерде бир катар маданий мааракелерди өткөрүү пландаштырылууда. Бул тууралуу аталган уюмдун Баш катчысы Султан Раев социалдык тармактагы баракчасында жазды.

“Урматтуу достор! 2023-жыл Эл аралык түрк маданияты уюму ТҮРКСОЙ үчүн өтө маанилүү жыл.

Бу жылы уюмубуздун 30 жылдыгын белгилейбиз. Азыркы күндө түрк дүйнөсүндөгү эң алгачкы эл аралык уюм – ТҮРКСОЙ дүйнөлүк кадыр-барктуу, таанымал, маданият алкагында активдүү ишмердүүлүк жүргүзгөн руханий көпүрөгө айланды. Адабияттан театрга, кинодон сүрөт өнөрүнө, классикадан фольклорго, этногрфиядан архитектурага, мурастан модернмаданиятка, салттуу өнөрдөн опера жана балетке, фестивалдардан форумдарга, симпозиумдан дебаттарга, гуманитардык маселелерден мезгил чакырыктарына, мультикультурализмден эстетикага, өнөр окуу жайынан консерваторияга, музейден дизайнге, ММКдан креативдүү маданиятка, Батыш менен Чыгыш маданий дипломатиясына чейинки руханий баалуулук майданында иш жүргүзүүдө…

Түрк дүйнөсүндөгү ар бир маданий процесс түрк жана Борбор Азия элдеринин тилдеринде, андан тышкары, англис, орус тилдеринде уюм сайтында, социалдык медиаларда, ТВ, ММКларда кеңири жарыяланууда…

Достор! Мен ФБ баракчамда эл аралык уюмубуздун ишмердүүлүгү тууралуу кеңири баяндап келем…

Бу салтты быйыл да улагым келет. Замандаштарыбызды уюм иши менен тааныштырып туруу биздин ачык-айкындуулук миссиябыздын бир бөлүгү. Быйылкы жылы бардык түрк дүйнөсүндө, ошону менен бир катарда Кыргызстанда ири маданий долбоорлор белгиленген. Ал тууралуу жакында кеңири маалымат беребиз…

Бул жылдагы алгачкы аракетибиз Астанадан башталды. Анын себеби бар, анткени ТҮРКСОЙ уюму алгач, 1993-жылы 12-июлда Казакстанда уюшулган, чечим Алматыда түрк өлкөлөрү тарабынан кабыл алынган.

  • Астанада Казакстандын жаңы дайындалган маданият жана спорт министри Асхат Оралов менен жолуктум. Алдыдагы иш-пландарыбызды, маданий долбоорлорду талкууладык. Жаңы министрдин – жаңы көз карашы, энергиясы, энтузиазми өзгөчө. ТҮРКСОЙдун 30 жылдыгына 8-9-июнда “Астана-Опера” концерт сарайында старт беребиз. Бу Гала-концертке түрк дүйнөсүнүн эң мыкты өнөр жылдыздары, дүйнөлүк атагы бар ырчылар, фольктоптору, бий ансамблдер, музыканттар катышат.

“Түрк маданияты” жумалыгы алкагында кино, театр жумалыгы, сүрөт жана көркөм китеп көргөзмөлөрү, этнокийим дефилеси, прикладдык өнөр жарманкеси өтөт.

Иш-чарага түрк дүйнө өлкөлөрүнүн өнөр адамдары катышат. Ушундай форматтагы салтанат Бишкек, Ташкент, Ашхабад, Баку, Анкара шаарларында өтөт.

Комментарий жиберүү