Дрондордун чабуулу, заводдогу өрт, жер титирөө-Иранда эмне болуп жатат?

 29-январга караган түнү Ирандын Исфахан провинциясында ок-дары чыгарылган заводго квадрокоптер менен чабуул жасалды.

Америка, Израиль жана алардын союздаштары менен байланышы бар маалымат каражаттары күтүүсүздөн Израилдин Ирандын объектилерине каршы операциясы башталганы тууралуу жаза башташты.

Анткени Исфахандагы аскерий объектиге кол салуу Ирандын түндүк-батышында миңге жакын адам жаракат алган 5,9 баллдык жер титирөөдөн кийин болду. Дээрлик бир эле убакта жер титирөөнүн эпицентринен 120 чакырымдай алыстыкта ​​жайгашкан Азершахр шаарындагы мотор майын чыгаруучу заводдо өрт чыкты.

Соцтармактарда арты-артынан болгон бул окуяларды бири-бири менен байланыштырып, жер титирөө жарылынуунун кесепетинен болгонун да жазышты. 

Бирок россиялык аскерий эксперт Юрий Лямин Ирандагы жер титирөө жасалма түрдө болду деген кептер акылга сыйбаган нерсе экенин “Коммерсант” гезитине билдирди. Анын айтымында, жерди силкинтүү үчүн кубаттуу ядролук жарылуу талап кылынат.

Бирок ал жер титирөөнүн өзү Ирандын шаарларындагы мотор майы заводунда өрттүн чыгышына себепчи болушу мүмкүн экенин билдирди.

Иран акыркы жылдары бир нече кыйраткыч жер титирөөлөргө дуушар болгон. Алсак, 2018-жылдын аягында Ирандын батышында Ирак менен чектеш Керманшах провинциясында күчү 6,3 баллга жеткен жер титирөө болуп, андан 550дөн ашык адам жаракат алган.

Ушул эле провинцияда 2017-жылы күчү 7,3 баллга жеткен жер титирөөдөн 450 адам каза таап, 7 миңден ашуун адам жаракат алган.

Кийинчерээк Ирандын Коргоо министрлиги 28-январь күнү болжол менен кечки саат 23:30да дрондорду (квадрокоптер) колдонуу менен ведомствонун борборлорунун бирине чабуул жасалганын ырастап, бирок ал ийгиликсиз болгонун билдирген.

Көбүнчө видео жана сүрөткө тартуу үчүн колдонулган өтө кичинекей дрондордун бири атып түшүрүлгөн, калган экөө коргонуу капканына түшүп, жарылып кеткен.

Завод Ирандын Коргоо министрлигине таандык. Ведомствонун маалыматына караганда, өндүрүш комплекстеринин бирине жасалган чабуулдун  натыйжасында анча-мынча материалдык зыян келтирилип, ишкананын чатыры жабыркаган. Чабуулдан курмандыктар жана жабыркагандар болгон жок.

Батыш ЖМКлары Исфахандагы объект олуттуу зыянга учураганын жана ал иштен чыкканын жазып чыгышыты. Бирок Ирандын мамлекеттик телеканалы жарыялаган видеодон дрондор аскердик объекттин чатырына гана анча-мынча зыян келтиргенин көрүүгө болот.

Ислам Республикасынын Тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдуллахиан Коргоо министрлигинин объектисине дрондордун жардамы менен жасалган кол салуу ирандык окумуштуулардын  тынчтык атомду өнүктүрүү пландарына таасир этпей турганын билдирди.

“Ирандын коопсуздугун алсыратуу үчүн биздин эксперттердин бейпил атомду өнүктүрүү боюнча каалоосуна жана ниетине таасир эте албаган коркок кадамдар жасалды”, – деди министр Тегеранда катарлык кесиптеши Мохаммед бин Абдель Рахман Аль Тани менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында.

Кол салуудан дээрлик үч күн өтсө да азырынча чабуулга эч ким жоопкерчилик ала элек. Расмий Тегеран дагы чабуулга кимдердин катыштыгы бар болушу мүмкүн экенин жана дрондор кайсы өлкөгө тиешелүү экенин айткан жок.

Ошол эле учурда Ирандын IRNA маалымат агенттиги Израиль кырдаалды туруксуздаштыруу үчүн Ирандагы бир учурда болгон окуяларды (жер титирөө, мотор майы заводундагы жарылуу жана Исфахандагы Коргоо министрлигинин заводуна дрондордун чабуулун) бири-бири менен байланыштырууга аракет кылып, “медиа чабуул” уюштурганга айыптады.

“Ирандын Альборз, Хамадан, Кареж сыяктуу шаарларындагы жардыруулар тууралуу социалдык тармактарда жана маалымат каражаттарында чыккан бардык маалыматтар жалган”, – деп белгиледи IRNA.

Ирандагы объектилерге кол салуулардын артында ким турат?

“The Wall Street Journal” басылмасы АКШ администрациясындагы аты аталбаган булактарына таянып, Ирандагы аскердик заводго кол салуунун артында Израиль турат деп ырастады. Тель-Авив окуяга расмий комментарий берген жок.

Басылма “Вашингтон менен Тель-Авив Тегерандын өзөктүк жана аскерий амбицияларын ооздуктоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издеп жаткан маалда Израиль Ирандын коргонуу объектисине учкучсуз учак менен жашыруун чабуул жасады” деп белгилейт.

Буга чейин Сауд Аравиянын “Al Hadath” телеканалы Исфахандагы заводдун учкучсуз учактарынын чабуулуна АКШ жана “башка өлкөнүн” тиешеси бар экенин билдирген.

Пентагондун басма сөз катчысы Патрик Райдер АКШнын Ирандагы соккуларга тиешеси жок экенин билдиргенин Reuters агенттиги жазды.

“Пентагондун өкүлү генерал Патрик Райдер АКШнын коргоо күчтөрү Иранга каршы сокку урууга катышпаганын айтып, бирок кошумча комментарий берүүдөн баш тартты”, – деп айтылат агенттиктин маалыматында.

Россиялык эксперттер бул чабуулдардын артында Израиль менен АКШ турушу мүмкүн экенин божомолдошту.

Ирандын аскердик объектилерине дрон менен жасалган чабуулдун артында АКШ турушу мүмкүн, деп эсептейт Россиянын Федерация кеңешинин эл аралык комитетинин мүчөсү Сергей Цеков. 

“Муну АКШ жасады, теракттын артында Вашингтон турат деп эсептейм. Бул теракт, анткени суверендүү өлкөгө сокку урулду”, — деди Цеков РИА Новостиге.

Сенатор Ирандагы бийликти алмаштыруу Ак үйдүн узак мөөнөттүү максаты экенин айтты.

Кошмо Штаттар башка мамлекеттерге агрессияны биринчи жолу көрсөтүп жаткан жок, деп эске салды ал. Ошол эле учурда европалык өнөктөштөр эл аралык укуктун бузулушун байкабаганды жакшы көрүшөт, деп кошумчалады Цеков.

Дагы бир россиялык саясий серепчи Антон Бредихин Ирандын аскерий объектилерине жасалган чабуулдун артында чындап эле Израиль турушу мүмкүн экенин “Москва 24” телеканалына билдирди.

“Сыягы, алар бул кадамдарына АКШдан уруксат алып, америкалыктардын кызыкчылыгына таянып иш кылышса керек. Мамлекеттер он жылдан ашык убакыттан бери Иранды анархиялык абалга келтирүүнү жана өз бийлигине толук баш ийдирүүнү каалап келишкен”, – деди эксперт.

Саясатчы 2022-жылдын күзүндө Ирандагы нааразычылык акцияларды АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Вашингтон Ирандагы демонстранттарды колдой турганын ачык билдиргенин эске салды.

“Азыр алар тышкы факторду, аскердик факторду колдонууга аракет кылып жатышат. Ал эми Израиль атайын аскердик операция жасаса, бул Жакынкы Чыгыштын дээрлик бардык өлкөлөрүнө: Сирияга, Иракка, Ливанга таасирин тийгизет”, – деп кошумчалады ал.Россиянын айыптоосуРоссиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова Ирандын Исфахан провинциясындагы аскердик объектке жасалган чабуулду айыптады.

“Биз ансыз деле тынч эмес аймакта чыңалуунун көзөмөлсүз күчөшүнө алып келиши мүмкүн болгон ар кандай чагымчыл аракеттерди кескин айыптайбыз. Мындай кыйратуучу аракеттер Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жана туруктуулук үчүн күтүүсүз кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Муну уюштуруучулар да, алардын колдоочулары да, Иранды алсыратуу үчүн курулай үмүт кылып жүргөндөр да түшүнүшү керек”, – деди Захарова.

РФ президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Россия Иранга кол салуулар боюнча түшкөн маалыматтарды кылдаттык менен изилдеп жатканын билдирди.

“Албетте, биздин кызмат азыр эмне болгонун толук түшүнүү үчүн маалыматты талдап жатат. Кандай болгон күндө да, жөн гана эгемендүү мамлекетке каршы багытталган аракеттер айыпталыш керек”, – деген анын сөзүн РИА Новости келтирет.

Азырынча Иранга жасалган чабуул үчүн эч ким расмий түрдө жоопкерчилик ала элек. Бирок жогоруда айтылган Иран бийлигинин, эксперттердин пикиринин негизинде Исфахандагы аскерий объектиге кол салуу, жер титирөөдө жана мотор майын чыгаруучу заводдогу өрттүн чыгышы бири-бири менен байланышы жок экенин айтууга болот. Муну менен Ирандын аскердик объекттерине дрондон жасалган чабуул сырттан пландалып жасалган деген тыянак чыгарууга болот.

Комментарий жиберүү