Франциялык саясатчы НАТОдон чыгууну сунуштады

 Франция мамлекетин НАТО уюмунан чыгаруу тууралуу сунуш түштү.

Франциянын «Патриот» саясий партиясынын лидери Флориан Филиппо Twitter баракчасына өлкөсүн НАТОдон чыгууга үндөгөн билдирүү жазган.

Саясатчы бул тууралуу Түндүк Атлантикалык альянстын аскерий комитетинин башчысы Роб Бауэрдин НАТОнун Россия менен тикелей тирешүүгө даярдыгы тууралуу сөзүнөн кийин билдирди.  

«Булар үчүнчү дүйнөлүк согушту каалап жатышат, андан көрө биз НАТОдон чыгалы, дүйнөдө тынчтык орун алсын!», – деп жазган Филиппо.

29-январда НАТОнун Аскердик комитетинин башчысы лейтенант-адмирал Роб Бауэр альянс Россия менен тикелей тирешүүгө даяр экенин билдирген. Ал ошондой эле, Россиянын стратегиялык максаттары Украинанын чегинен чыгып, Москва «Советтер Союзунун кайтып келишине» умтулуп жатат деген пикирин айткан.

Мамлекеттик Думанын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Светлана Журова Бауэрдин билдирүүсүнө жооп берип жатып, Россия НАТОнун түз жаңжалга даяр экенин эбак эле билгенин, ошондуктан, атайын аскердик операция башталганын белгиледи.  

«Биз альянстын (НАТО) пландарын жок дегенде Украинада токтотууга аракет кылышыбыз керектигин түшүндүк», – деп баса белгиледи ал.

Эске салсак, буга чейин 25-январда Түркиянын “Ватан” партиясынын төрагасынын орун басары Этем Санчак Түркия НАТОдон чыгышы керектигин айткан. Ал НАТО өзүнүн чагымчылдыгы менен Түркияны бул кадамга барууга мажбурлап жатканын айтып, өлкөсү 5-6 айдан кийин НАТОдон чыгып кетерин билдирген.

Ал мындай билдирүүнү Стокгольмдо ашынган оңчул саясатчы Расмус Палудан Түркиянын элчилигинин алдында нааразылык акциясын өткөрүп, Куранды өрттөгөндөн кийин билдирген.

“Швеция менен Нидерланддын Куранга каршы жасаган акциясын көрүп жатасыңар. НАТОдон чыгып кетүү – биз үчүн токтоосуз жана милдеттүү түрдө жасай турган иш болуп калды”, – деп билдирген Санчак.

НАТО Евро-Атлантика мейкиндигинин коопсуздугун жана коргонуусун 70 жылдан ашык убакыттан бери камсыз кылып келе жаткан коргонуу альянсы.

Түндүк атлантикалык келишим уюму 1949-жылы он эки мамлекет тарабынан (анын ичинде Франция) түзүлгөн.

Бүгүнкү күндө НАТОго 30 мамлекет мүчө. Анын штаб-квартирасы Эверде (Бельгия) жайгашкан. 2014-жылдын 28-мартынан бери анын башкы катчысы норвегиялык Йенс Столтенберг, ал эми, Союздаш күчтөрүнүн командачысы (SACEUR) учурда АКШнын генералы Тод Уолтерс болуп саналат.

Комментарий жиберүү