Францияда Украинадагы кырдаал үчүнчү дүйнөлүк согушка алып келери айтылды

Франция парламентиндеги оңчул “Улуттук биригүү” фракциясынын лидери Марин Ле Пен НАТОнун Украинадагы жаңжалга толук катышуусу үчүнчү дүйнөлүк согушка алып келиши мүмкүн экенин билдирди.

Ал ошондой эле, “Европадан бөлүнүп, Индия менен Кытайдын артыкчылыктуу өнөктөшү болуп калган” Россиянын “жаңы альянстарын” басынтпоого чакырды.

“Чабуулчу куралдарды акырындык менен жеткирүү, жүз жылдык согуштан кабар берет. Буга НАТОнун толук кандуу катышуусу үчүнчү дүйнөлүк согушка алып келет”, – деди Ле Пен парламентте сүйлөп жатып.  

Ал ошондой эле, өкмөттүн дипломатиялык аракеттерин колдой турганын кошумчалады.

Ал эми буга чейин Донецк элдик республикасынын (ДЭР) башчысынын милдетин аткаруучу Денис Пушилин НАТО азыр Россия менен түз тирешүүгө өткөнүн билдирген. Ал белгилегендей, Донбассты коргоо боюнча атайын операция баштала электе эле альянстын өлкөлөрү Россиянын чек арасына жакын жерде өздөрүнүн аскерий позициясын кура баштаган.

29-январда Кытайдын Global Times гезити Украина Россия менен НАТОнун тикелей аскердик кагылышуусу менен гана иштеп жатканын маалымдаган. Анда альянстын түздөн-түз кийлигишүүсү менен кырдаал дароо Россия Федерациясы менен тирешүүгө айлана турганы жазылган. Бул учурда Европада учүнчү дүйнөлүк согуштун чыгуу ыктымалдуулугу жогору.

25-январда НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Түндүк Атлантика альянсы Украинадагы жаңжалга катышкан эмес жана мындан ары да катышпаарын билдирди.

Буга жооп катары Россиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова Столтенбергдин сөздөрүн калп деп атап аны кылмыштуу эки жүздүүлүккө айыптаган.  

Ал ортодо 18-январда Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШ Россияга каршы күрөшүү үчүн европалык мамлекеттерди бириктирип, коалиция түзүп жатканын жарыялады. Ал мындай стратегияны француз императору Наполеон Бонапарт менен фашисттик Германиянын лидери Адольф Гитлердин аракеттерине салыштырган.

Польшанын мурдагы президенти Александр Квасневский да дүйнөнүн үчүнчү согушка жакындаганын айтып чыккан.

“Украинада согуштук аракеттер башталгандан кийин “дүйнө бир топ өзгөрдү” жана азыр “коркунучтуу башаламандык доорунда турат”, – деген Квасневский.

Эске салсак, Россиянын президенти Владимир Путин 2022-жылдын 24-февралында Донбассты коргоо боюнча атайын операция башталганын жарыялаган. Путин мындай чечим Украин аскерлеринин аткылоосунан улам аймактагы кырдаалдын курчуп кетүү коркунучунан улам кабыл алынганын билдирген.

Андан бери Москва менен Киев Беларуста кырдаалды жөнгө салуу боюнча бир нече жолу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алар гуманитардык аспект боюнча гана – карапайым калкты эвакуациялоону камсыздоо боюнча макулдашууга жетишти.

Комментарий жиберүү