Кыргызстанга «Печора-2 БМ» мобилдик зениттик-ракеталык комплекси алынып келинди

Кыргызстанга модернизацияланган «Печора-2 БМ» мобилдик зениттик-ракеталык комплекси алынып келинди.

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Бул техника Беларустан сатылып алынган жана Кыргызстандын Коргоо министрлигинин Абадан коргонуу күчтөрүнүн куралдануусунда болот. 

“Эгемендүүлүк алгандан бери биринчи жолу бюджеттик каражатка мындай мобилдик (көчмө) зениттик-ракеталык комплекс сатылып алынды, аны каалаган убакта жана каалаган жерде жайгаштырууга болот”, – деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, чет элдик коргонуу ишканаларында МИ-8 күжүрмөн тик учактарын капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, жүк ташуучу автоунаалар, санитардык унаалар, кичи автобустар сатылып алынган. 

“Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-февралда, жаңы техниканын техникалык мүнөздөмөлөрү менен таанышып, техниканын жаңы запастык бөлүктөрүн, байланыш каражаттарын, аткыч куралдарды, танкка каршы жана тик учактын ок-дарыларын, инженердик жабдууларды, снайпердик мылтыктарды, тапанчаларды, гранатометторду, реактивдик снаряддарды жана башка көптөгөн нерселерди карап чыкты”, – деп белгиленет билдирүүдө.

Мындан тышкары, мамлекет башчысына МИ-8 аскердик тик учактарынын учуу мүмкүнчүлүктөрү да көрсөтүлдү. 

Садыр Жапаров бүгүнкү күндө эл аралык кырдаал ыкчам өзгөрүп жатканын баса белгилеп,  дүйнөнүн ар кайсы аймактарында болуп жаткан куралдуу чыр-чатактар акылга сыйбаган масштабдары жана кесепеттери менен мүнөздөлүп жатканын айтты.

«Буга кошумча, маалыматтык согуш жана үгүт иштери менен катар, куралдуу күрөш жүргүзүүнүн башка да аскердик ыкмалары басымдуулук кылып жатат. Азыркы түзүлгөн кырдаал улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты мындан дагы күчтөндүрүүнү талап кылууда», — деди ал.

Жапаров улуттук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Куралдуу Күчтөрдү чыңдоо — мамлекеттин эң башкы милдеттеринин бири экенин белгиледи.

Мамлекет башчысы 2021-жылдан тартып аскер бөлүктөрүнө жаңы курал-жарактарды жана аскердик техниканы сатып ала баштаганыбызды эскертип өттү.

Садыр Жапаров өлкөнүн армиясы бардык керектүү аскер жабдуулар менен жабдылганын, мамлекет коргонууга жөндөмдүү болушу үчүн бардык жактан колдоо көрсөтүп, каражатты аябайт деп белгиледи. 

“Өлкөнүн коопсуздугун камсыздоо жана Куралдуу Күчтөрдүн күжүрмөн даярдыгын жакшыртуу максатында мамлекеттик бюджеттен аскердик техниканы оңдоого жана модернизациялоого акча каражаттары бөлүнүп жатат. Аткарылып жаткан иш-чаралардын алкагында Куралдуу Күчтөргө миллиарддаган сомдор бөлүнгөн. Ал каражаттарга  бир канча  тик учак  оңдолду, сатылып алынды, керектүү тетиктер алынып жатат”, – деди ал.

Андан сырткары, президент өткөн жылдын 4-кварталында «Белтехэкспорт» жабык акционердик коому менен «С-125» зениттик ракеталык комплексин «Печора-2 БМ» зениттик-ракеталык комплексинин деңгээлине чыгарып модернизациалоо боюнча келишим түзүлгөнүн, азыркы күндө контракт боюнча аталган комплекстин биринчи партиясы жеткирилгенин кошумчалады.

Садыр Жапаров ошондой эле Куралдуу  Күчтөрдү автоунаалар жана автотетиктер, курал-жарак менен камсыздоо максатында тийиштүү каражаттар бөлүнгөнүн белгиледи.

Президент Куралдуу Күчтөрдү чыңдоо  максатында көрүлүп жаткан иш-чаралар аскер кызматчылардын моралдык-психологиялык абалын бекемдеп, демине дем кошуп, өлкөнүн бекемдигин жана бүтүндүгүн камсыз кылууга чоӊ өбөлгө түзөт деген ишенимин билдирди. 

Иш-чара Коргоо министрлигинин бөлүмдөрүнүн өздүк курамынын салтанаттуу өтүүсү менен аяктады.

Эске салсак, 2022-жылдын октябрь айында коргоо министри Бактыбек Бекболотов Кыргызстанга Беларустан заманбап абадан коргонуу системасы алынып келерин билдирген. Ал Баткен облусуна жайгаштырылары айтылган.

Комментарий жиберүү