АКШ Конгресси Украина жана Израилге жардам берүүгө бөгөт койду

АКШ Сенаты Украинага жардам берүүну караган мыйзам долбооруна бөгөт койду.

Шаршембиде АКШнын Сенаты Украина менен Израилге аскердик жана Газа тилкесине гуманитардык жардам көрсөтүүнү караган мыйзам долбоорун алдыга жылдыруу аракетине бөгөт койду.

Бардык республикачылар жана көз карандысыз сенатор Берни Сандерс Израилди колдогон мыйзам долбооруна каршы добуш беришти. Бул долбоор АКШнын Мексика менен чек ара коопсуздугун камсыздоону каржылоону көбөйтүү боюнча жоболорду да камтыйт. Бирок республикачылар Байдендин администрациясынан башпаанек берүү эрежелерин катаалдаштырууну талап кылып жатышат.

Добуш берүүгө бир нече саат калганда АКШнын президенти Жо Байден мыйзам чыгаруучуларга кайрылганына карабай, Сенат мыйзам долбооруна бөгөт койду. Ал Конгресстен Украинага жардам көрсөтүү үчүн мындан аркы каржылоону мүмкүн болушунча тезирээк – Рождество майрамдары башталганга чейин бекитүүнү талап кылган.

АКШнын президенти Вашингтон Орусиянын Украинада жеңишке жетишине жол бербей турганын билдирди. Байдендин пикиринде, Орусия жеңсе, Украина менен токтоп калбай, АКШнын союздаштары болгон башка өлкөлөргө, анын ичинде НАТОнун мүчөлөрүнө да чабуул коюшу мүмкүн.

“Мындай учурда биз, америкалык аскерлер орус аскерлери менен согушуп калышы ыктымал” деди Байден.

Быйыл сентябрда президент Жо Байдендин администрациясы Украина, Израил, Тайвань жана чек араларды коргоо үчүн бөлүнгөн кошумча 106 миллиард долларлык пакетти жактырып берүүнү суранып, Конгерсске кайрылган. Анын 61 миллиард доллары Украинага каралган эле.

Эгер АКШ Конгресси Украинага кошумча жардам үчүн каржы бөлүүнү жактырбаса, Вашингтон буга чейин бөлгөн акча жыл соңунда түгөнөрүн Байдендин администрациясы 4-декабрда эле эскерткен.

Орусия Украинага кеңири масштабдуу операция ачкан 2022-жылдын февраль айынан бери АКШ Киевге жалпысынан 110 млрд доллардан көп аскердик жана финансылык жардам бөлдү. Ноябрдын ортосуна чейин Пентагон Украинага бөлүнгөн 62,3 млрд доллардын 97% короткон.

Комментарий жиберүү