Сириядан кыргызстандык 31 аял жана 65 бала мекенине кайтарылды

Үстүбүздөгү жылдын 8-декабрында Сириянын түндүк-чыгышындагы атайын лагерлерде жүргөн Кыргызстандын жарандарын репатриациялоо боюнча кезектеги “Айкөл-4” гуманитардык миссиясы ишке ашырылды.

Тышкы иштер министрлигинин маалумат кызматынана билдиришкендей, Кыргызстандын жараны болгон 31 аял киши жана 65 жашы жете элек бала Жакынкы Чыгыштан Кыргызстанга атайын учак менен кайтарылды.

Гуманитардык миссия мамлекет башчысы жана КР Министрлер Кабинети тарабынан коюлган тапшырмаларга ылайык ишке ашырылды.

“Кыргыз тарап Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнө атайын операцияны өткөрүүгө ар тараптуу жардам жана бул гуманитардык процессти ийгиликтүү ишке ашыруунун алкагында логистикалык колдоо көрсөткөндүгү үчүн, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондуна (ЮНИСЕФ) жана Эл аралык Кызыл Крест комитетине турмуштук оор кырдаалда калган жарандарды репатриациялоо боюнча төртүнчү ири кампанияны өткөрүүгө көмөк көрсөткөндүгү үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирет”,- деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 22-октябрында “Айкөл-3” гуманитардык миссиясынын алкагында Сириядан Кыргызстанга 21 аял жана 62 бала алып келинген.

“Айкөл” миссиясынын алкагында 30-августта Сириянын түндүк-чыгышындагы лагерден кыргызстандык 31 аял, 64 жашы жете элек балдар мекенине алып келинген. Ага чейин жыл башында ушул эле миссия менен 18 аял жана 41 бала келген.

Улуттук коопсуздук комитетинин 2018-жылдагы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгон.

Террордук уюмдарга кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган.

Буга чейин Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ирактын жана Сириянын түрмөлөрүндө отурган кыргызстандык 200дөй аялдын жана 400дөй баланын тизмеси аныкталганын билдирген.

Комментарий жиберүү