Анкарада теракт болгон жерден 10 кг жардыруучу зат табылды

Түркиянын коопсуздук күчтөрү Анкарада теракт жасоо аракети болгон жерден дээрлик 10 килограммдай жардыргыч заттарды, ар кандай курал-жарактарды жана ок-дарыларды табышты.

Түркиянын Ички иштер министрлигинин башчысы Али Ерликая жекшемби күнү Анкаранын борборундагы министрликтин имаратынын жанында теракт жасоо аракети болгонун, бир террорчу өзүн жардырып, экинчиси полиция тарабынан атып өлтүрүлгөнүн билдирген. Атышуу учурунда эки полиция кызматкери жеңил жараат алды.

«Террордук чабуул болгон жерди текшерүү учурунда гексоген камтыган 9,7 килограмм С4 үлгүсүндөгү жардыргыч зат, үч колго жасалган граната, 1 танкка каршы колдонулган гранатомет (РПГ), үнсүз Glock тапанчасы, Blow тапанчасы, М4 карабини жана АК-47 автоматы табылган», — деп айтылат РИА Новостиге келген пресс-релизде.

Жанкечти өзүн жардырган учур видеого түшүп калган

Анкаранын борборунда теракт жасоого аракет кылган чабуулчунун бири Түркияда тыюу салынган Күртстан жумушчу партиясынын мүчөсү экени аныкталганын Yeni Şafak гезити Түркиянын Ички иштер министрлигине шилтеме берип жазды.

«Түркиянын Ички иштер министрлигинин башкы коопсуздук башкармалыгынын кире беришинин алдында теракт жасаган террорчунун биринин өздүгү такталды. Ал Күртстан жумушчу партиясынын мүчөсү экени аныкталды», — деп жазат басылма.

Комментарий жиберүү