Индияда Нипах вирусу жайылып жатат

Өзбекстандын Санитардык-эпидемиологиялык сак-саламаттык комитети Индияга бара турган жарандарга бул өлкөдө Нипах вирусу жайылып жатканын эскертти. Тиешелүү билдирүү комитеттин Telegram-каналына жарыяланды.

Анда 22-сентябрга карата Индиянын Керала штатында аталган вирус алты кишиден аныкталганы, алардын экөө каза болгону жазылган.

Комитет соода менен алектенген ишкерлерди жана Индияга барууну пландап жаткан жарандарды жеке гигиенаны сактоого, жер-жемиштерди жакшылап жууп жеп, термикалык иштетүүдөн өткөн суусундуктарды гана ичүүгө чакырды.

«Мындан тышкары жарганаттар тиштеши ыктымал болгон жемиштерди жегенден да сак болуу зарыл. Жугуштуу оорулардан алыс болуу үчүн жогорудагы сунуштарды аткаруу өтө маанилүү», – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Нипах вирусу — бул мээни же дем алуу жолдорун сезгенткен вирустун түрү. Азырынча ага каршы дары же вакцина жок. Орточо эсеп менен бул ооруну жуктуруп алгандардын 40-75% каза болот. Вирустун жайылуусун чектөө үчүн бейтаптарды обочолонтуу ыкмасы колдонулат.

Комментарий жиберүү