«Kamaan 19». Ирандын куралдуу күчтөрү жаңы учкучсуз аппаратын көрсөттү

Ирандын куралдуу күчтөрү «Kamaan 19» деп аталган жаңы учкучсуз учуучу аппаратын көрсөттү. Ал радиоэлектрондук күрөш системасы менен жабдылган жана бардык сыноолордон ийгиликтүү өткөн.

Бул тууралуу Ирандын куралдуу күчтөрүнүн өкүлү бригадалык генерал Алиреза Шейх учкучсуз учактардын биргелешкен машыгуусу учурунда  билдиргенин IRNA агенттиги жазды.

«Kamaan 19 аппараты биринчи жолу куралдуу күчтөрдүн катарына кошулду. Ал согуштук учууну аткарып, радиолокациялык станциялардан келген сигналдарды басып, радиоэлектрондук согуш операцияларын ийгиликтүү аткарды», — деп билдирген Алиреза Шейх.Белгилей кетсек, Ирандын куралдуу күчтөрүнүн учкучсуз учуучу аппараттардын биргелешкен машыгууларын кечээ, 3-октябрда баштаган. Анда радиоэлектрондук күрөш жана аба мейкиндигинде учкучсуз учактар ​​тобунун аракеттерин координациялоо боюнча көндүмдөр акарылууда.

Комментарий жиберүү