Кыргызстанда КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында 13-октябрда Бишкек шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт.

Бул туурасында президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Алдыдагы иш-чаранын жүрүшүндө Шериктештикке катышкан мамлекеттердин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгын кеңейтүүгө жана чыңдоого багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат.

КМШнын бул саммитине Шериктештиктин мамлекет башчыларынын катышуусу күтүлүүдө.

Бул жылы Кыргызстан КМШ органдарында төрагалык кылып жаткандыгын белгилей кетүү маанилүү”, — деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

Комментарий жиберүү