Африка биримдигинин саммитинин ачылышында Израилдин делегациясы эшикке чыгарылды. Видео

 Израилдин делегациясы Эфиопияда өткөн Африка биримдигинин саммитинин ачылыш аземинен чыгарылды. Бул тууралуу  «Times of Israel» гезити еврей мамлекетинин Тышкы иштер министрлигине таянуу менен жазды.

Маалыматка караганда, саммиттин ачылыш аземинде коопсуздук кызматкерлери делегациянын өкүлдөрүнө келип, алардын чыгып кетишин суранган. Бир нече мүнөттөн кийин дипломаттар иш-чарадан чыгып кетишкен.

“Израилдин аккредиттелген байкоочу статусуна карабастан элчи Шэрон Бар-Линин Африка биримдиги залынан чыгарылган окуяга олуттуу мамиле кылат. Биз Африка өлкөлөрүн Африка биримдигинин өзүнө жана бүт континентке зыян келтирген бул аракеттерге каршы турууга чакырабыз”, – деген Израилдин Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Лиор Хаяттын сөзүн «Times of Israel» гезити келтирет.

Израил 2021-жылдан бери Африка биримдигинде байкоочу статусуна ээ, бирок Алжир, Тунис, Египет, Ливия жана Мавритания Тель-Авивдин мындай статусуна расмий түрдө каршы чыгышкан.

Соцтармактарда саммиттин коопсуздук кызматкерлери Шэрон Бар-Лини залдан чыгарып жатканы тартылган видео тарады.

https://www.facebook.com/plugins/video.php?height=400&href=https%3A%2F%2Fwww.facebook.com%2FEurasiabugun%2Fvideos%2F529976269203766%2F&show_text=false&width=476&t=0

Африка биримдигинин жообу

Африка биримдиги Израилдин делегациясы эмне үчүн саммиттен чыгарылганын түшүндүрдү.

Африка Биримдиги комиссиясынын төрагасы Муса Факи аймактык биримдиктин саммитинин ачылыш аземинде коопсуздук кызматкерлери тарабынан сыртка чыгарылган израилдик дипломаттар иш-чарага чакырылбаганын айтты.

“Саммиттин ачылышына Израилдин расмий өкүлдөрү чакырылбагандыктан израилдик дипломат сыртка чыгарылды”, – деп  Факи журналисттерге билдирди.

Африка биримдигинин комиссиясынын төрагасынын айтымында, Израилге байкоочу статусун берүү чечими «бул маселени атайын түзүлгөн комитет талкуулаганга чейин токтотулган».

2021-жылы июлда Африка биримдигинин комиссиясынын чечими менен Израилге байкоочу статусу берилген, бирок ал статустан 2002-жылы Ливиянын ошол кездеги лидери Муаммар Каддафинин кысымы менен ажыратылган.

Бир катар өлкөлөр, анын ичинде Түштүк Африка Африка союзунун атынан Израилге байкоочу статусун берүү боюнча комиссиянын укугун текшерүүнү талап кылышкан. Өткөн жылы кырдаалды иликтөө үчүн комиссия түзүлгөн, бирок ал акыркы чечимди чыгара элек.

“Африка биримдиги Израилге байкоочу статусун берүү боюнча акыркы чечимди кабыл алганга чейин, өлкөгө залда отуруп, байкоо жүргүзүүгө уруксат берилбейт”, – деп билдирди Түштүк Африканын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Клейссон Моньела.

Африка континентинин көпчүлүк мамлекет жана өкмөт башчылары катышкан эки күндүк Африка биримдигинин саммити 18-19-февраль күндөрү Эфиопиянын борбору Аддис-Абебада өттү.

Африка биримдигинин 2023-жылдагы төрагасы Комор аралдары болду.

Комор аралдарынын президенти Азали Ассумани 18-февралда 2022-жылы Африка биримдигине төрагалык кылган Сенегалдын башчысы Маки Саллдан аймактык уюмдун жаңы төрагасынын кызматын расмий түрдө өткөрүп алды.

Белгилей кетсек, Африка биримдиги 1963-жылы май айында түзүлгөн. Ал кезде Африка биримдигинин уюму деп аталчу. Евробиримдиктин үлгүсүндө түзүлгөн бул аймактык өкмөттөр аралык уюмдун аталышы 2001-жылы өзгөргөн. Африка биримдигине 55 мамлекет кирет.

Комментарий жиберүү