АКШ Украина НАТОго мүчө боло албасын моюнга алды

 Украина НАТОго мүчө боло албайт, бирок ал Европа менен АКШнын өнөктөштүгүнө ишене алат.

Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин Тышкы саясат кеңешинин мүчөсү, Bloomberg агенттигинин баяндамачысы Хол Брэндс жазды.

«Украинанын «А» планы өлкөнүн НАТОго мүчө болушуна мүмкүндүк бериши мүмкүн… Тилекке каршы, мунун ишке ашуусу күмөн жаратат», – деди Брэндс.

Ал аймактык талаштары бар өлкөлөр альянска кире албай турганын эске салды.

Брэндсдин айтымында, Украинанын «Б» планы бар: Батыш менен формалдуу түрдө альянстарга катышпастан байланышты сактап, өзүнүн күчтүү армиясын куруу. Бирок Украинанын экономикасынын азыр оор абалы жана Батышка көз карандылыгын эске алганда, Киев үчүн куралдуу күчтөрүн сактап калуу абдан кыйын болот.

«Кыязы, Украина Батыштан экономикалык жактан көз каранды бойдон калат, Вашингтон жана анын союздаштары жакынкы келечекте өлкөнүн коргонуусун каржылайт», – деп жазат эксперт.

Украинадагы жаңжалдын аякташы Батыштын Киевге болгон узак мөөнөттүү милдеттенмесинин башталышы болушу мүмкүн, дейт Брэндс.

18-феврлада Украинанын Жогорку Радасынын спикери Руслан Стефанчук Киев НАТОго кирүү чакырыгын жайында, альянстын Вильнюстагы саммитинде күтүп жатканын билдирди.

“Биз Вильнюс саммитинде Украина мындай чакыруу алып, (НАТОго кирүү – ред.) альянска сапарын баштайт деп күтүп жатабыз”, – деген Стефанчук украин телеканалынын эфиринде.

Владимир Зеленский былтыр 28-февралда Украинанын Евробиримдикке кошулуусу боюнча арызга кол койгон.

Евробиримдиктин мамлекет жана өкмөт башчылары 23-июнда Брюсселде өткөн саммитте Украина менен Молдовага биримдикке кирүүгө талапкер статусун берүүнү жактырышкан. Сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн бул өлкөлөр реформаларды жүргүзүү жана коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү сыяктуу бир катар шарттарды аткаруусу керек.

Ал эми альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг Украинаны НАТОго тез арада кабыл алуу мүмкүн эместигин айтып, Киевдин мүчөлүгү боюнча чечим консенсус – НАТОдогу бардык 30 союздаш мамлекеттер аркылуу кабыл алынышы керектигин белгилеген.

Өз кезегинде, Россия Федерациясынын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москва Киевдин НАТОго кирүү аракетинин айланасындагы кырдаалга кылдат байкоо салып жатканын айтып, Украинанын альянска кошулуу ниети Россиянын атайын аскердик операцияны баштоо себептеринин бири болгонун эске салган.

Украинанын Жогорку Радасы 2014-жылдын декабрында мамлекеттин блоктон тышкы макамынан баш тартуу менен эки мыйзамга өзгөртүү киргизген. Ал эми 2019-жылы украиналык парламент конституциялык негизде өлкөнүн НАТОдогу багытын бекиткен. Украина НАТОнун кеңейтилген мүмкүнчүлүктөрү менен өнөктөш статусун алган алтынчы мамлекет болуп калган.

Комментарий жиберүү