БУУнун Баш катчысы Кыргызстан менен өзгөчө байланышы бар экенин айтты

Президент Садыр Жапаров 20-сентябрда Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Катчылыгынын имаратында БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту.

Антониу Гутерриш Мамлекет башчысы менен учурашып жатып, Кыргызстан менен өзгөчө байланышы бар экенин, анткени ал өлкөгө БУУнун Баш катчысы катары гана эмес, бир нече жолу баргандыгын белгиледи.

Баш катчы Кыргызстан Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү маселелери боюнча жакшы иштерди жүргүзүп жатканын баса белгилеп, бул багытта биргелешкен иштерди улантууга даяр экенин белгиледи.

Антониу Гутерриш Садыр Жапаровго тоо экосистемаларын коргоо боюнча демилгелери үчүн ыраазычылык билдирип, бул көйгөйдүн маанилүүлүгүн айтты.

Ал ошондой эле БУУ Кыргызстанга керектүү колдоо көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Садыр Жапаров аймактык жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөө — Кыргызстандын келечекке болгон көз карашынын негизги элементи экенин белгиледи.

Ал жаңы геосаясий шартта Борбор Азиянын ролу жана мааниси эселеп күчөп жатканына басым жасады. Андыктан, аймактагы өлкөлөр менен кызматташууну бекемдөө ― Кыргызстан үчүн эң жогорку артыкчылыкка ээ.

Садыр Жапаров Өзбекстан менен мамлекеттик чек ара боюнча келишимге кол коюу жана Тажикстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аймактык талаштарды чечүүдө жана тынчтык кызматташтыкты өнүктүрүүдө маанилүү кадам экенин баса белгиледи.

Мындан тышкары, Өзбекстан жана Кытай менен бирге темир жол куруу долбоору аймактын инфраструктурасын жана транспорттук байланыштарын өнүктүрүү үчүн чоң мааниге ээ экенин кошмчалады.

Садыр Жапаров климаттын өзгөрүшү, айлана-чөйрөнү коргоо жана биологиялык ар түрдүүлүк жаатында кызматташууну бекемдөө боюнча Кыргызстандын активдүү иштерин дагы бир жолу өзгөчө белгиледи.

Ошону менен бирге, баарлашуу учурунда президент Кыргызстан өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн карыз жүгүн азайтуу боюнча демилгелерди колдоорун, ошондой эле эл аралык коомчулукту тышкы карызды «жашыл» демилгелер менен алмаштырууга чакырарын айтты.

Жыйынтыгында тараптар тынчтыкты, туруктуулукту жана коопсуздукту камсыздоого багытталган аракеттерди мындан ары да колдоого даяр экендиктерин ырасташты.

Комментарий жиберүү