Евлахта Азербайжан менен карабактык армяндардын делегацияларынын жолугушуусу болду

Евлах шаарында Азербайжан бийлигинин өкүлдөрү менен Карабак армяндарынын жолугушуусу аяктады, деп билдирет РИА Новости Азербайжандын АПА агенттигине шилтеме берип.

«Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Карабакта жашаган армяндарды реинтеграциялоо маселелери талкууланды», — деп айтылат билдирүүдө.

Жолугушууга Азербайжан тараптан президент Илхам Алиев март айында Карабак армяндары менен байланыш үчүн жооптуу кылып дайындаган парламент депутаты Рамин Мамедов катышты. Мындан тышкары, делегациянын курамына президенттин бошотулган аймактардагы атайын өкүлүнүн орун басары Башир Гажиев жана президенттин атайын өкүлчүлүгүнүн кызматкери Илькин Султанов да бар.

Ал эми Карабактын армяндарынан Сергей Мартиросян жана Давид Мелкумян катышты.

Жолугушууга ошондой эле Россиянын бейпилдик контингентинин өкүлдөрү да катышты.
Сүйлөшүүлөр жабык эшик артында өттү.

© AP Photo

Бир күн мурда Азербайжан президентинин жардамчысы Хикмет Гажиев Баку Карабактагы армян калкын кайра интеграциялоо планын даярдаганын билдирген. Ал ошондой эле Азербайжан Карабактагы мыйзамсыз армян түзүмдөрүн толук куралсыздандырууга кепилдик алганын баса белгилеген. Гаджиев алардын жалпы саны он миңге жакын адам деген.

19-сентябрда Азербайжан Карабакта конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүү үчүн “антитеррордук чараларды” баштаган. Аскердик операция бир суткага жакын созулду, андан кийин Баку менен Степанакерттин өкүлдөрү россиялык бейпилдик күчтөрүнүн ортомчулугу менен бир катар шарттарды сактоо менен ок атышууну токтотууну макулдашты.

«Антитеррордук операциянын» жүрүшүндө россиялык тынчтык орнотуучу күчтөр аймактын үч районунан беш миңдей адамды эвакуациялады.

Комментарий жиберүү