Ливияда бир күндө деңиздин түбүнөн 80 адамдын сөөгү алып чыгарылды

Ливиядагы миңдеген адамдардын өмүрүн алган суу ташкынынан кийин деңиз түбүнөн бир күндүн ичинде 80 адамдын сөөгү чыгарылды.

Бул тууралуу Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме берүү менен РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, суу ташкынынын кесепеттерин жоюуга катышып жактаны россиялык куткаруучулар түрк кесиптештери менен биргеликте каза болгондордун сөөгүн алып чыгуу боюнча эң татаал операциялардын бирин аткарышты. Бир эле учурда бир нече топ иш алып барды: биринчи топ Дерна шаарынын борбордук аймагын текшерди, экинчиси жээк зонасында жана акваторияда чөгүп кеткен унааларды издөөдө.

Дагы башка эки топ көптөгөн адамдардын сөөктөрү табылган шаардан 25 чакырым алыстыкта жайгашкан аймакка жөнөтүлгөн.

«Ливия мамлекетинин суу ташкынынан эң көп жабыркаган аймактарында издөө-куткаруу иштери уланууда… Бир күндө эле 80ге жакын адамдын сөөгү чыгарылды. Жалпысынан издөө иштери башталгандан бери 110дон ашуун кишинин сөөгү табылды», — деп айтылат билдирүүдө.

Кызыл Жарым Ай коомунун жергиликтүү бөлүмүнүн маалыматына караганда, Ливиянын чыгышында селден каза болгондордун саны 11 миңден ашып, 20 миңдей адам дайынсыз болууда. Эл аралык миграция уюмунун маалыматы боюнча, Ливиянын түндүк-чыгышындагы суу ташкынынан жапа чеккен аймактардан 38 миңден ашуун адам көчүп кетти.

Суу ташкынына «Дэниел» циклону себеп болгон. Жаратылыш кырсыгынан айрыкча Дерна шаары катуу жабыркады, ал жерде эки дамба кыйрап, натыйжада шаарга 33 миллион кубометр суу куюлуп, шаардын төрттөн бир бөлүгүн жарактан чыгарды.

Комментарий жиберүү